Аналитика

Дүйнө жана Кыргызстан: Дин өкүлдөрү менен саясий элитабыз коомчулукка үлгү болушу зарыл image Фото: Руслан Калматов

24 Окт, 2016 32768

Орусиянын  Lenta.ru интернет булагынын журналисти  Михаил Куракин  “Европастан” аттуу макаласын жазып чыкты. Кесиптешибиздин айтымында  iVOX эл аралык  изилдөөчү топтун бельгиялык бөлүмү,өлкөдөгү мусулман тектүү жарандардын арасында жүргүзүлгөн социологиялык сурамжылолордун жыйынтыгын жарыялаган. Анын жыйынтыгында сурамжыланган 500 адамдын арасында   20 пайызы “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюмдун иш-аракеттерин колдой турганын билдиришкен. Мындан сырткары алар эгерде диндештери террордук актыларды уюштурат  деген мүдөөсүн билип калган күндө да, улуттук коопсуздук күчтөрүнө кабар  бербейбиз –деп сурамжылоо учурунда баса белгилешкен. Ушул сурамжылоодон кийин белгиялык  социологдорго карата көп сын-пикирлер айтылды. Сынчылардын пикиринде жогоруда сөз болгон  маселе боюнча  социологдор туура эмес  методиканы  колдонгон.Маданияттуу Бельгияга мында көрүнуш жат нерсе дейт.Бирок изилдөөчүлөр Бельгияда гана эмес, Европанын башка мамлекетеринде кооптуу  диний кырдаал тууралуу сурамжылоо менен башкы максатына жетишти. Анткени Батыш Европада диний абал күндөн-күнгө курчуп турган убагы-деп жазат автор макаласында. Ал Батыш Европадагы ушул диний кырдаал жөнүндө талдап ,төмөнкүлөрдү жазган.

 Ошол эле жылы   Брюсселдин бийлиги шаардын борборуна илгерки салты боюнча Жаны Жылга карата христиан символикасы болгон балаты коюудан баш тарткан. Анын ордуна балатыга окшош жасалма буюм койгон. Калаанын администрациясы  эчен кылымдан  коюлуп келе жаткан балаты  жергиликтүү мусулмандардын диний көз  караштырына туура келбейт –деп актанышкан. Жаңы жылдык балаты Евробиримдик менен НАТО жайгашкан калаадан куулду- деп макаланын ээси баса белгилейт.

Францияда бүгүнкү күндө 2 миң мечит бар. Бул мечиттерде экстремисттик  пропаганда жүргүзүлөт.  Ошол эле учурда француз өкмөтү мамлекетте  мечит менен намазканаларды сырттан каржылоону  каржылоону токтотуу зарыл деген сунушту кароодо. Бирок жогоруда сөз болгон иш –чаралар абдан кечикти –деп « Франция үчүн кыймыл» аттуу уюмдун негиздөөчүсү Филипп де Вилье айтып чыкты. Анын пикиринде: Францияны терроризм өлтүрүп жатат. Көптөгөн жылдар бою расмий Париж өлкө исламдашып бара жатканына көз жумуп келген. Анын жыйынтыгы жарандык согуш болот – деп Филипп де Вилье айыптаган.



Кыргызстанда да Европа өлкөрүндөй кырдаал түзүлүп жатканы кооптонуну жаратууда.  Ала-Бука  районун Сары-Талаа айылынын  башка динге өткөн деп айтылып жаткан     Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгү  үчүнчү жолу  жашыруун жерге берилген. Ошол эле маалда  Ысык-Көлдүн Ак-Суу районундагы Теплоключенко айылынын христианчылыктын  баптист агымын кабыл алган  60 жаштагы тургунун жергиликтүү көрүстөнгө  көмүүгө ошол жерде жашагандар каршы чыкты. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун казысы Алмаз Сагындыков билдирди. Анын айтымында, маркум 15 жылдан бери баптист агымын карманып келген. Буга байланыштуу жергиликтүү тургундар анын сөөгүн мусулман мүрзөсүнө коюлушуна каршы болууда Кыргызстан илгертен эле ата-бабаларыбыз карманып  келген салттуу диндин эрежелерин бекем сактабаса да бул өңдүү чыр-чатактарга жол берген эмес. Салттуу мусулманчылыктын  жол-жоболору менен эчен  кылымдан бери чыр-чатаксыз жашап келген кыргыздын  мүрзөлөрү башка диндегилердин көрүстөндөрү менен кошуна  эле жайгашкан. 

Тарыхыбызда кээде аралаш  коюп келген учурлар  болгон. Мындан чуу салып , эч бир кыргыз мүрзөдөн орустун сөөгүн  каапыр деп сыртка казып чыгарып салбаган, Ошол эле маалда, ар түрдүү шартка байланыштуу христиан  көрүстөнүнө коюлуп калган кыргыздын сөөгүн орустар сыртка казып ыргыткан эмес. Бүгүнкү күндө да улуу диндер  бири-бирине сый мамиле кылышат. Мындай мамилелер ал ыйык сакталат. Кыргыз эли, маркум болгон адамдын сөөгүн эч ким кордоп жана мазактаганга жол берген эмес. 19 кылымда казак ханы Кененсары желдеттери менен ата-бабаларыбыздын мазарларын талкалап жана сөөктөрдү көрдөн алып чыгып, ыргытып мазактаган. Ошондуктан кыргыздар Кененсары  менен жанын аябай согушкан. 

Анткени кыргыздар  байыртадан бери  эч качан душманынын  сөөгү койулган мазарына кол салуу жөнүндө ойдон алыс болгон. Себеби биздин ата-бабалар арбакты сыйлап жана ыйык туткан. 1991-жылы СССР урагандан кийин, Кыргызстанда ар түрдүу секталар менен агымдар өздөрүнүн кыргызга жат болгон идеологиясын кеңири жайылткан. Буга туңгуч ажобуз Аскар Акаев  жана ошол убактагы саясий элитабыз күнөөлүү. Ушул жогоруда айтылган  энелирибиз  мейли алданып баптисттерге  кошулуп,ислам дининен баш тарткан экен. Биз аларга кечиримдүү мамиле кылсак болот эле да,сабырдылуук кылып. Эки апабыздын сөөгүн койдурбаганыбыз  үчүн, Жараткандын алдында чоң күнөө кылып жатабыз. Эмне үчүн өлкөбүздүн муфтийи Максат-ажы менен диний ишмерлерибиз, облусттук жетекчилер,күч түзүмдөрүбүз  ушул абалды жөнгө салбай сырттан салкын карап турганы коомчулугубуздун  арасында  түшүнбөстүктү жаратып жатат. Ыйык Куранга таянып азирети муфтийибиз Ала-Бука менен Ак-Суунун элин  сабырдуулукка чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзсө болот эле го деген пикирди кошумчалай кетелик. Ислам дини дайыма сабырдуулукка  чакырат. Ошондуктан ислам дини бүткүл дүнүйөдө уулу дин деп таанылат.  

Ал эми Курани-Каримди окуп, түшүнбөй эле кээ бир чала молдолорубуз  элибизди дүрбөтүп, эки жаатка бөлүп, шорубузду катырып жатат. Диний карама-каршылыктын айынан Сирия менен Ирактагы согуш түпкүлүгүү бир элди элдешкис душман кылып койду. Жакынкы Чыгыштагы ааламат бизге сабак болуш керек да.  Ала-Букадагы шордуу энебиздин жансыз денесин жашырылган жеринен кайра –кайра алып чыгып салган жарандарыбызга эмне үчүн  азыркы күнгө  чейин кылмыш иши козголбогону таң калдырат. Мындай  жосунсуз жоруктарды жасаган  адамдар мыйзамдуу түрдө жоопко тартылыш керек. Эгер өлкөбүз менен коомубуз ушундай сөөктү мазактаганга жол ачып берсек.Анда эртеңки тагдырыбыз тайкы жолго түшөт.   Талиптер сыяктуу 2001-жылы  Афганистанда Бамианда жайгашкан Будда эстеликтерин жардыргандай. Кыргыз диний радикалдарыбыз тарыхый мурастарыбызды өрттөп жана талкалабайт деп ким кепилдик берет. Жогоруда айтылган абалдан  туура жыйынтык чыгарып, дин өкүлдөрү  менен саясий элитабыз  таза, салттуу исламды бекем карманып  өздөрү элибизге үлгү  көрсөтүшү зарыл. Өлкөбүздүн  бүтүндүгүнө шек келтирген жана зыянга учураткан диний  экстремисттик менен  радикалдуу агымдарды түп- тамыры менен жоготуш керек  деген принципти карманышыбыз керек. Демек диний жана мамлекеттик ишмерлерибиз  ханафи мазхабын негиздеген Абу Ханифти туу тутуп. Ал окшоп бийликке, байлыкка умтулбай, жашаш керек.

Талдоо  маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Мирбек Сакенов. Биринчи Радио.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз