Маданият

“Жүз макал” долбоору мамлекеттик деңгээлде колго алынат image

1 Фев, 2016 609

 “Макал арт” чыгармачылык  бирикмесинин “Жүз макал” долбоору, мамлекеттик  деңгээлде колго алынат. Бул тууралуу 30-январда, Чыңгыз Айтматов атындагы кино үйүндө,  алгачкы 5 кыска метраждуу  тасманын бет ачаар аземинде айтылды.

Көрүүчүлөр сынына  коюлган 5 тасманын бири, акын Жоомарт Бөкөнбаевдин кадимки “Чептен эрдин күчү бек” чыгармасы боюча. Айтылчу ойдун өзөгү душмандан коргонуу үчүн  курулган чеп бекем болсун үчүн, пайдубал алдына  бир азаматты тирүүлөй көмүү керектиги айтылат эмеспи, Ошондо көпчүлүк ичинен эл керегине жарачу менмин –деп, чыккан эр көкүрөк  азаматты көмүү учуру тартылган.  

Бул өңдүү тарбиялык мааниси күч макал маанисине негизделген 5 тасма көрсөтүлдү. Фильмди койгон режиссёр, Кыргыз Республикасынын Маданият  жана маалымат министри Алтынбек Максүтовдун айтымында, идеянын пайда болушу мындай экен. 2014-жылы “Макал арт” чыгармачылык  бирикмеси, элдик макал-лакаптардын негизине фильм жаратуу боюнча “Жүз макал” долбоорун баштайт.

Ошентип  көпчүлүктүн сынына коюлган тасмаларды көргөндөр түрдүү сунуш-пикирлерин айтышты. Алардын катарында  эл акыны Шайлообек Дүйшеев, идея эң сонун, бирок байыркы жомок эмес, азыркы турмуштук көрүнүш менен берсе болмок, негизи  макал-лакаптын көөнөрбөс маңызы  өзүнчө кенч деди.         

“Макал арт” чыгармачылык  бирикмесинин “Жүз макал” долбоору, мамлекеттик деңгээлде колдоо тапса, жалпы чыгармачыл интеллигенцияны  конкурстук негизде тартуу менен санын жыл ичинде жүзгө жеткирүү мүдөөсү коюлууда.    

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз