Дүйнө

Кытайдагы паракорчулукту муунткан Синин темир манжалары image

27 Окт, 2016 2705

 Carnegie Moscow Center  аналитикалык   борборунун кабарчысы Вита Спивак “Синин темир манжалары : Ким кытай паракорчулугун  муунтат?” аттуу макаласын жазып чыкты. Анын айтымында  Кытай Компартиясынын  Борбордук Комитетинин  ар бир жылы өтчү  24-27-октябрга  чейин жыйынынын шарттары партия үчүн башка  абалда каралып жатат.

Өлкөнүн үч жылдык саясий турмушунда  болуп көрбөгөндөй  коррупцияга каршы  кампания жүргүзүлүп жатат. Аны  2013-жылдан бери мамлекеттин башчысы  Си Цзиньпин жүргүзүүдө. Си бул  кампаниянын  башында кытай макалындай  « чымындарды кандай өлтүрсөм, жолборсторду ошондой кылам » деп  баардык деңгээлдеги чиновниктердин кызматына карабай паракорлук менен күрөшөм деген убадасын берген.

Автордун көз карашында  ошондон бери   Кытайдын тарыхында биринчи жолу жолборстор деп аталган  жогорку кызматтагы  182 чиновниктерине каршы кылмыш иши козголду. Ошол эле учурда ушул айып боюнча 1844 адам камалган. Кытай коммунистик партиясынын  туруктуу саясий бюросунун мүчөсү  Чжоу Юнкан кармалганы,  өлкөнү таңгалдырган. Себеби буга чейин Юнкан өңдүү үлкөн  кызматкер камалган эмес.

Си Цзиньпин бүгүнкү күндө өлкөнүн энергетика тармагында жана аба жолдорун башкарган  дөө шааларына кылмыш ишин козгоду. Жогоруда айтылган эки кылмыш иш  Кытайдын коммунистик партиясынын Борбордук Комитетинин инспекциялык топтору тарабынан козголгон. Бул топтор азыркы күндө  мамлекетте  жемкорчулукка каршы иш-чаралардын бирден бир уюштуруучулары. Ушул инспекциялык тайпалар  КПКнын Борбордук комитетине баш ийет. Анын  ичинде комитеттин уюштуручуу бөлүм менен  коммунистердин тартибин  текшерүүчү башкы коммиссияны  камтыйт.

Уюштуруучу бөлүм КПКнын кадр  тандоо маселесин чечет. Ал эми башкы комиссия КПКнын  88 млн мүчөсүн көзөмөлдөйт.Андан тышкары КПКнын айылдагы төмөнкү бөлүмчөсүнөн баштап өлкөнүн жогорку жетекчилерине чейин  мыйзамга туура келбеген жоруктарын иликтейт-дейт макаланын ээси

Жогоруда сөз  болгон 2009 –жылы  топту мурдагы малекеттин башчысы  Ху Цзиньтао  түзсө  да Си Цзинпин бийликке келгенден бери толук күчүнө кирип жана анын куралына айланды.Си бул инспекциялык тайпанын көмөгү менен партиянын катарын тазалады.

Россиялык lenta.ru  интернет –булагынын  журналисти Алексей Куприянов “Кызгалдактын түсү” аттуу макаласын  жар салды.Орус кесиптешибиздин пикиринде Афганистанда жазда башталган  талибдердин чабуулу басаңдады.

Себеби кышка жакындаган сайын  согушкерлер, иш-чараларын токтотууга аргасыз. Кабулдун күч түзүмдөрү талиптерге  бөгөт койгону менен маңзат соодасы боюнча абалды көзөмөлдөгөнгө жетише албай калышты.Согушкерлер ээлеп алган аймактарында болуп көрбөгөндөй апийимди өстүрүүдө. Бириккен Улуттар уюму жогоруда айтылган  кырдаал туралуу атайын докладын жарыялады  -дейт макалынын ээси .

Афганистанды падыша Мухаммед Закир –шах башкарып турганда апийим айдоо аянттары,анын такай көзөмөлүндө  болчу. 1979-жылы Афганистанга совет аскерлери киргенден кийин, өлкөдө жарандык согуш башталган.Талаа командирлери  менен уруулардын башчылары, апийимди айдап, андан түшкөн каражатка курал-жарак менен ок-дары сатып алышкан.

Афганистандын баңгизат экономикасын  түзгөнгө  АКШнын Борбордук Чалгындоо башкармалыгы  абдан көмөк көрсөткөн  деп автор айыптады макаласында.  1989 –жылы  СССРдин жоокерлери   Афганистандан чыгып кеткенден кийин,Вашингтон моджахеддерге жардам берүүсүн токтоткон.Ошондуктан көпчүлүк талаа командирлери үчүн баңгизатты сатуу киреше табуунун бир гана жолу болуп калды.

 Эгерде АКШ  Афганистанда  апийим айдалбасын деген ураан менен катаал иш –чараларды колдонсо, Вашингтонго каршы жогоруда сөз  болгон таалаа командирлери жана дыйкандар айыгышкан согуш жүргүзөт –деп Куприянов макаласында баса  белгилейт.Ошондуктан талиптер ушул абалдан пайдаланып, дыйкандарды апийим айдаган аянттарды кеңейткиле деп үгүттөйт. Согушкерлер апийимден   түшкөн  каражат менен казынасын толтуруп жаткан учуру –дейт орус кабарчы.

 Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз