Коом

Улуу Октябрь революциясын эки өлкө гана расмий майрам катары белгилейт image

7 Нояб, 2016 5160

7-ноябрь – Уулу Октябрь революциясынын күнү мурдагы  СССРдин  курамындагы мамлекеттердин ичинде Кыргызстан  менен Беларусияда гана расмий майрам катары белгиленет. «Эмне үчүн  биздин мамлекет бул майрамды белгилейт»?-деген суроо жаралат. Кыргызстанда 1916-жылы– кыргыз элинин орус падышалыгынын колониялык саясатына каршы улуттук-боштондук күрөшү  башталган. Ал элдин эсинде «Үркүн» деген ат менен түбөлүкө сакталып калды. Себеби падыша өкмөтү аймакты башкарууда жергиликтүү элдердин түпкү кызыкчылыктарын эске алган эмес. Колониялык саясаттын күчөшү, түпкү калктын нааразылыгын күчөткөн падышачылыктын жер саясаты Кыргызстандын түндүгүнө Борбордук Россиядан орус, украин дыйкандары көчүп келе баштаган. Колониялык бийлик аларга ар тараптан колдоо көрсөтүп, кыргыздардын суусу мол, дыйканчылыкка ыңгайлуу жерлерин тартып берген. Анткени казак-орустар сыяктуу эле келгин дыйкандар дагы аймактагы падышачылыктын таянычы болмок. 

Кыргыздардын мыкты өрөөндөрүнөн ажыроосу алардын улуттук аң-сезимине терең таасир эткен. Айрыкча биринчи дүйнөлүк согуш маалында кыргыздардын абалы аябай оорлоп, элдин кыжырдануусу күчөгөн. Согуш жылдары эгин аз эгилгендиктен түшүм эки эсе азайган. Малдын саны да кыскарган. Базар баасы абдан өскөн. Алык-салыктардын, ар кандай ыгым-чыгымдардын өлчөмү көбөйгөн. Мисалы, түтүнгө салынчу салык 4 сомдон 8 сомго өскөн. Падышанын  чиновниктери согушту шылтоолоп, жергиликтүү калктан ат-төөлөрдү, кийим-кече, кийиз, боз үйлөрдү көп жыйнаган. Аскерге кеткен орус дыйкандарынын чарбасына кыргыздарды күчтөп иштеткен. Бул кыргыздардын абалын ого бетер начарлаткан. Нааразычылыктын күчөшүнө орус төрөлөрүнүн, айрым келгин дыйкандардын жергиликтүү элдин маданиятын, каада-салттарын, динин, тилин мазактаганы  да түрткү болгон. 1916-жылы июнда жергиликтүү элдерди согуштук-оорук иштерине чакыруу жөнүндө падышанын жарлыгы  жарыяланган. Ансыз да кыжыры кайнап эл падышанын каарынан, мыкты куралданган аскерлеринен жалтанбай күрөшкө көтөрүлгөн. Куралданган орус аскерлерине каршы кармаштарда алар оор жоготууларга учурашкан. Сентябрь айында коргонуу мүнөзүндөгү чакан беттешүүлөр болот.

Падышалык аскерлердин ырайымсыз кысымына туруштук бере албасына көзү жеткен эл , Ата-Мекенинен  качууга аргасыз болгон. Ошентип, кеч күздө кайгылуу Үркүн трагедиясы башталып, 39 болуштуктун эли үрккөн. Айрым маалыматтар боюнча Кытайга качкан 45 миң түтүн элдин жалпы саны 160 миң адамдан ашып, анын 130 миңге жакыны кыргыздар болгон. Үрккөн элдин малынын көбү таланып, калганы ит-кушка жем болгон.. Ошентип көтөрүлүш жеңилүү менен аяктаган. Анын негизги себеби көтөрүлүштүн алдын ала жакшы даярдалбагандыгы болгон. Албетте падышанын  жазалоочу желдеттердин , согуштук машыгуусу жана курал  жагынан артыкчылык кылган. Ошол убактагы дүйнөнү бөлүштүрүү боюнча жүргүзүлүп жаткан империалисттик саясатты ишке ашыруу максатында падышалык Россия Ата-Мекенинен кыргыз элин кууп чыгууга чечим кабыл алгандыгы бүгүн белгилүү болууда. Мындай чечимди кабыл алганга орус эли күнөөлүү эмес. Кытайдын Синьцзян аймагына  айласыз көчкөн кыргыздар  оор абалга туш болушту. Кыргыздар аргасыз балдарын жергиликтүү  кытай, дунган менен уйгур байларга кулдукка сатты.Ошол убактагы кыргыз  кызы  бөтөн жерде аянычтуу тагдырын  белгилүү  жазуучу Касымалы Баялинов “ Ажар “ чыгармасында чагылдырган. 

Бирок кыргыз  элинин багына Россия империясында Октябрь революциясы жеңет.  Улуу Октябрь Социалисттик революциясы Кыргызстандын тарыхында айрыкча ролду ойногон. Анткени Россияда бийликке  келген большевиктер кыргыз качкындарына Ата-Мекеңирге  кайткыла деп чакырык таштаган. Андан тышкары аларга ашынган айрым орус кулактары   тийбейт–деген кепилдик беришкен. 1918-жылдан баштап кыргыздар Ата-Журтуна кайта баштаган большевиктер айткан убадасына туруп, иш жүзүндө   чектен чыккан  кээ бир орус  байларын  катаалдык менен  жазалады. Белгилүү  илимпоз Кусейн Карасаев:  жогоруда сөз болгон   орус кулактары Ысык –Көл аймагындагы Талды-Суу айылында   кайтып келген кыргыздарга кол салганда.Совет өкмөтүнун өкүлү Петров  түркмөн калкынын  теке тайпасынан куралган ыктыярчы  атчандар  менен жосунсуз жоруктарды  кылган  кулактарды түн ичинде атып салган. Ал эми Каракол шаарында татар улутундагы коммунист Шихабутдинов  татар көпөстөрдү   качкын кыргыздарга  азык –түлүк менен камсыз кылганга буйрук берген.

Ушул иш –чараны өзү көзөмөлдөп, аткарбагандарды катуу жазалаган-деп эскерген Кусейн Карасаев. Кыргыз элинин башынан эле Ленинге көзү түз болгону жакшы маалым. Буга далил  1920-жылы 18-февралда В.И.Лениндин жарлыгы менен Синьцзяндагы кытай, дунган жана уйгур байлардын кулдугунда калган кыргыздарды кайтаруу  үчүн   100 млн рубль алтын акча бөлүнүп. Аларды Кытайдан куткарып келгенге буйруган. Атайын мамлекеттик комиссия түзүлүп, анын жетекчилигине Мамбет Сүйүнбай уулу бекитилген. Ошентип, кыргыздын миңдеген уул-кыздары кулчулуктан кутулушуп, өз Ата –Мекенине  кайтып келишкен . Нечен  кылымдан бери  мамлекеттүүлүгүнөн ажыраган кыргыз калкы менен беларус эли да  Советтик доордо кайра түздү.  Бул тарыхый процесс туралуу Кыргызстандагы Беларусь Республикасынын элчиси  Виктор Денисенко төмөнкүдөй айтып берди:

“Минскиде   ар бир  жылы  дайыма Уулу Октябрь революциясы  күнүнө карата   майрамдык иш-чаралар өтөт. Беларусь Республикасында бул майрам Улуу  Октябрь революциясы аталашын ошол бойдон  сактап келүүдө. Борбор  шаарыбыздагы    эгемендүүлүк  аянтында жайгашкан  Лениндин эстелигине гүл коюлат.Ушул акцияга коммунистик партиянын өкүлдөрү,  согуштун ардагерлери  жана башка жарандар  катышат. Мындан сырткары ар түрдүү иш чаралар болот. Анын ичинде концертттер  ,эскерүү митингтер жана илимий конференциялар өтөт.Ошол эле убакта Улуу Октябрь  революциясы менен байланыштуу    имараттарга экскурсия уюштурулат. Анткени Минскиде  1898- жылы   Россиянын   социал-демократиялык  жумушчу  партиясынын сьезди жашыруун түрдө   өткөн үй   сакталып калган.Бул имарат Улуу Ата –Мекендик согушта  фашистер бомбалаганда, ага бомбалар тийбей, аман  калган.Эмне үчүн Белоруссия  бул майрамды  белгилейт? Улуу Октябрь революциясынан кийин жалгыз Белорусия гана эмес, башка   Советтик Социалистик республикалар көз карандысыз мамлекеттерин  түзүштү. Биз бул революциянын жетишкендиктерин  азыркы күнгө чейин пайдаланып келе жатабыз. Биз ушул майрамды сактап  калганыбызга  абдан маани беребиз. Бул  туура чечим -деп баалайбыз. Биз Улуу Октябрь күнүн белгилегеп жатканда, биз  үчүн  бул революциянын ураандары, идеялары, мүдөөлөрү менен осуяттары абдан баалуу. Алар маанисин бүгүнкү күндө жоготкон  жок. Мисалы айта кетсек  жерди  дыйкандарга жана завод менен ишканаларды жумушчуларга берүү. Ошол эле маалда  өлкөнү туңгуюктан алып чыгуу жана  тартип орнотуу.Октябрь революциясынын  эч кандай  жаман чакырыгы болгон эмес.уулу Октябрь революциясы өзү  тарыхта көпчүлүктүн   канын төкпөй   бийликке келгени менен эсте калды.Ал эми  андан кийинки окуялар ал башка маселе .Ошондуктан өткөн тарыхка аяр мамиле  кылуу керек.Жогоруда   сөз болгон  жыйынтыгы   менен   келечектеги тарыхтын  пайдубалын түптөсө болот.  ушундай позициясы менен Кыргызстан да бул майрамды сактап калды. Мурдагы СССРдин ичинен  Белорусия менен Кыргызтан мамлекеттик дээңгелде Улуу Октябрь революция күнүн  белгилейт.Ошондуктан мен кыргызстандыктарды ушул майрам менен куттактайм.Сиздерге кааларым бейпил жашоо, тынчтык ,тукумуңар көбөйсүн ачык асман жана баардык жакшылыкты тилейм".

Ал эми кыргыз тарыхында 7-ноябрь Социалисттик революция күнү катары эмнеси менен эсте калат. Бул суроого кыргыз мамлекетинин негиздөөчүлөрүнүн бири Иманалы Айдарбековдун небереси Зульфукар Айдарбекова мындайча жооп берет:

“Ошол убакта   айыгышкан согуш жүрүп жаткан. Ушул согуштун  жыйынтыгында Кыргызстан мамлекет катары  түзүлбөй калабы деген коркунуч болгон. Өлкөбүздун түндүгү Казакстан жана түштүгү Өзбекстанга өтүп кетмек. Иманалы  Айдарбеков жана тилектештери Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев жана башка кыргыз   ишмерлердин көрөгөчтүгү менен   мамлекет түзүлдү. Себеби алар Москвага барып, ошол убактагы жетекчиликти  Россиянын ичинде Кара-Кыргыз автономиялуу облусун түзүп бергиле деген өтүнүчү менен кайрылышкан.Ошентип булардын акылмандык менен жасаган аракетинин  натыйжасында Кыргыз мамлекетинин пайдубалы түптөлдү. Кара-Кыргыз автономиялуу  облусу түзүлгөндөн кийин, анын   алгачкы  жетекчиси болуп Иманалы Айдарбеков дайындалды. Анын мүдөөсү менен Кыргызстандын  чек аралары аныкталды. Ошол убактагы Ташкент шаарында жайгашкан бийлик  органдарын Бишкеке көчүрдү.Ошондон бери мурдагы Пишпек, азыркы Бишкек  өлкөбүздүн борбору болуп калды.1937-жылы оорукчан Иманалы Айдарбековту сталиндик  репрессиянын учурунда камакка алынат. Аны тергөөчү досторуна каршы көрсөтмө бер  болбосо атылып кетесин деп коркуткан. Ал болсо досторума жалаа жаппайм, менин  калган иштеримди досторум улайт деп тайманбай жооп берген".

Лениндик улут саясатынын негизинде жогоруда  айтылган көйкашка  азаматтардын аракети менен кыргыз эли кыска убакыттын ичинде Россиянын курамында автономиялык  облус.

 

Андан кийин  автономиялуу  республика статусуна жетишип. 1936-жылы Сталиндик Конституция боюнча Кыргыз Советтик Социалисттик Республика болуп,  өзүнчө мамлекеттик укук алган Совет өкмөтүнун  учурунда  элибиз болуп көрбөгөндөй ийгиликтерге жетишти. Улуттук кайра жаралуу доорун башыбыздан өткөрдүк. Мындан сырткары  дүйнөлүк  тарыхта Москвада 1941 –жылы  7 –ноябрда  парад өткөн. Бул парад  эмне  үчүн   өзгөчө  болгон? деген суроо пайда болот. Ушул   суроого Панфиловтун небереси Айгуль Байкадамова төмөнкүдөй   пикирин билдирди

“7-ноябрь күнү Кызыл аянттагы өткөн парад өткөнүнө быйыл 75 жыл болду.Бул иш-чара психологиялык  жактан   биздин жоокерлерге руханий жөлөк болуп ,мамлекетибиз жеңилбейт деген ишеничти бекемдеген. Бирок, Бауржан Момуш уулунун эскерүүсүндө параддын белгиленери тууралуу айтылган эмес. Маалыматтарга караганда, ага жашыруун даярдык жүргөн. Ошол күнкү аба –ырайынын сууктугуна карабастан  парад пландагыдан эрте өткөн - деп жазган. Андан соң аскерлер фронттун алдыңкы позицияларына   дароо кетишкен. Согуш майданындагы оор абалга  карабай, Москвада Октябрь революциясынын 24 жылдыгына арналган Кызыл аянттагы парад совет эли менен жоокерлерге  кадимкидей күч-кубат берген. Сиздерди  майрамыңыздар менен куттуктайм. Мен   баардыгыңыздарды өз бир тууганымдай  көрөм. Сиздерге  бейпилдик, тынчтык жана көз карандысыздыкты  каалайм”. 

Кыргыз жана белорус элдери  Владимир Ильич Лениндин   эстелигин башка мамлекеттердегидей талкалаган жок.Себеби эки эл тарыхын урматтайт.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, аны менен тааныштырган  Мирбек Сакенов болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз