Дүйнө

Трамп эмне үчүн президенттик шайлоодо жеңишке жетти? image

10 Нояб, 2016 2448

АКШда 8-ноябрда президенттик шайлоо болуп өттү. Шайлоочулар Демократиялык партиядан Хиллари Клинтон менен республикачыл Дональд Трампка добуш беришти. Өлкөдөгү  кыймылсыз мүлктүн ээси, миллиардер Дональд Трамп алдын ала маалымат боюнча президенттик шайлоодо шайлоочулар коллегиясынын жетиштүү добушун алып, АКШнын президенти болуп шайланды. Демократиялык партиядан талапкер Хиллари Клинтон атаандашына чалып, жеңиши менен куттуктады. Шайлоону жеңүү үчүн талапкерлер 538 өкүлдөн турган шайлоочулар коллегиясынын 270нин добушуна ээ болуусу керек болчу. Шайлоочулар тандаган өкүлдөр алдын ала кайсы талапкерге добуш берерин жарыялаган штаттардагы партия өкүлдөрү болуп эсептелет. Бул  өкүлдөр талапкерлерге добуш берүү укугун алыш үчүн эл берген добуштун басымдуу бөлүгүнө ээ болуусу кажет. 

Эл тарабынан тандалган 538 өкүлдүн 270нин добушун алган талапкер жеңүүчү деп табылат. Немис жана шотландиялык мигранттардын небереси Дональд Трамп эмне үчүн ушул президенттик шайлоодо маарага жетти деген суроо жаралат? 

Эсиңиздерге сала кетсек АКШнын тарыхында  оюн-зоок тармагынан  биринчи жолу мамлекеттин башчылыгына  келген  актер Рональд Рейган болгон. Бул жолку шайлоодо жогоруда сөз болгон тармактан маскарапоз Дональд Трамп жеңишке ээ болгонун көрүп жатабыз. Трамп миллиардер жана саясий ишмер. Республикалык партиянын мүчөсү,чоң суммадагы кыймылсыз мүлктүн ээси, жазуучу. Ал ошол эле маалда «Кандидат» реалити-шоусунун аткаруучу продюсери жана алып баруучусу катары да белгилүү. Трамп оюндагысын жашырбай, ачык сүйлөгөнү менен да таанымал. Дональд Трамп 1946-жылы 14-июнда Нью-Йорк шаарынын Куинс конушунда туулган. Анын атасы Фред Крист Трамп курулуш тармагында иштеген. Дональд Трамптын жүрүм –туруму бузула баштаганда, Трампты 13 жашында менчик аскер академиясына окутканга мажбур болгон. Бул мектепте  эң алдыңкы окуучулардын бири  дегенге жетишкен. 

Трамп адегенде  Фордхем университетинде окуган. Бирок жакпай калып, болочок миллиардер Пенсильвания университетинин Уортон мектебине которулуп, аны аяктаган. Андан кийин Дональд атасынын компаниясында иштеп, 1975-жылы компаниянын президенти болот. Анын курулуштагы эң биринчи долбоорлорунун бири Нью-Йорктун  Манхэттендин батыш жагындагы бизнес-борбордун курулушу эле. Андан тышкары  Трамп Курулуш, мейманкана жана кумар оюндары бизнеси менен алектенет. 20 жылдай "Аалам сулуусу" сынагын өткөрүү укугуна ээ болуп келген. Үч ирет үйлөнгөн миллиардер  мамлекеттик кызматта иштөө тажрыйбасы жок. Дональд Трамп АКШнын президент кызматы үчүн ат салышарын 2015-жылы 16-июнда жарыя кылган.

2015-жылы май айында партиянын ичиндеги сыноодо башка атаандаштарын артка таштап, Республикалык партиянын атынан талапкер болуп калган. 18-21-июлда Республикалык партиянын курултайы Трампты АКШ президенттигине расмий талапкер деп жарыялаган. Ушул шайлоодо Доналд Трампты ак америкалыктардын бир кыйла бөлүгү колдоду. Себеби алардын айтымында афроамерикалык азчылык өлкөдө жакынкы арада  бийликтин көбүн алып коет. Мындан сырткары Трампка “дат баскан  белбоо“-деп аталган  мамлекеттин Орто батыш жана Чыгыш жээгинде жайгашкан оор өнөр –жайлардын ак түстүү жумушчулары добушун беришти. Бул аймактардын тургундардын басымдуу бөлүгү Барак Обама менен  Клинтонго ишенбейт. Себеби ушул чөлкөмдөгү жашоочулардын арасында жумушсуздук күч алган. Андан тышкары америкалык элита менен күч түзүмдөрүнүн  басымдуу бир  бөлүгү  Трампты  колдогону Клинтон үчүн күтүүсүз болду. 

Барак Обама афроамерикалыктарды Клинтонго добушуңарды  бергиле –деп үндөгөн. Бирок афроамерикалыктар шайлоого дайыма эле активдүү катыша бербейт. АКШнын тарыхында афроамерикалыктардын көпчүлүгү 2008-жылы президенттик шайлоодо гана  атасы кениялык Барак Обаманы колдошкон. Булардын пикиринде Барак Обама африкалык тектүү болгону үчүн гана ага добушун берген. 4-жылдан сон абал озгоруп, ал тургай Кениядагы Барак Обаманын аталаш бир тууган агасы Малик Доналд Трамп учун добуш берет  - деп Рейтерс маалымат агентиги жарыялаган. Барак Обама америка калкы үчүн жетишерлик эмгек кылган   жок,   бир туугандарынын  жана Кениянын үмүтүн актай албады –деп Малик иниси туралуу кескин пикирин айткан. 

Ошондуктан ал ноябрдагы өтчү президенттик шайлоодо республикачы Доналд Трампты колдорун билдирген. Ошол эле маалда Малик   мусулман болсом да Трамптын ислам динин тутунгандарды   Америкага киргизбөө деген чакырыгын түшүнүү менен кабал алам деп баса белгилеген маегинде. Айрым эксперттер Трампка кол салат деп  боолголошкон. Бирок азыркы күнгө чейин бул айтылгандар иш жүзүнө ашкан жок. Себеби аны күч органдарынын офицерлери гана кайтарбастан, ошол эле убакта  төрт менчик ишканын күзөт бөлүмдөрүнүн кызматкерлери жан сакчы болушту. Бул ишканын биринин ээси мурда АКШнын аскер чалгын кызматын жетектеген. Демек жаны президентти чынында эле  күч органдарынын жарымы колдогону билинди.

Ошол эле убакта Трампты өлкөнүн өнөр жай тармагынын дөө-шааларынын жарымы жана Федералдык Иликтөө  Бюросунун офицерлери колдоду. Август айында англиялык The Guardian гезитинин журналисти Гидеон Рахман « Кытайдын өсүшү  Батыштагы  жаны саясий карама –каршылыкты күчөтүп жаткан учуру » аттуу макаласын жазып чыккан. Макаланын ээси АКШ менен Кытайдын ортосунда экономикалык карама –каршылыктарды талдап. Макаланын ээси Трампка өзгөчө көнүл бурган. Анткени Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине талапкер Доналд Трамп: «мамлекетибизди кайрадан улуу держава калыбына келтиребиз деген чакырык таштаганы бекер эмес-деп автор баса белгилеген. Себеби  өлкөдө жумушсуздук күч алууда, экономикалык  кризис курчуп турган учуру  жана улуттук карама-каршылык күчөөдө. Мындан сырткары Трамп Американы дүйнөдө эч ким тоготпой калды»- деп Барак Обаманын  саясатын айыптаган. 

Ошол эле учурда Трампка окшош Европада улутчул  маанайдагы  саясатчыларды  калктын басымдуу көпчүлүгү колдоп жатат-деп макаланын ээси баса белгилеген. Ал эми  аргументы Недели  гезитинин журналисти  Александр Чуйков «Ыраакы Чыгыштан учунчу  дүйнөлук  согуш башталышы мүмкүнбү? »аттуу макаласын жар салган. Бул кесиптешибиз Япония менен Кытайдын ортосундагы мамилер   туралуу жазып чыккан. Бул маселе тууралуу кабарчы  россиялык  белгилүү илимпоз, чыгыш таанучу Василий  Молодяков менен маек курган. Молодяковтун айтымында  ;Эгерде жакынкы келечекте Хиллари Клинтон Американын президенти болуп калса ,Токио менен Вашингтондун ортосунда мурдагыдай өнөктөштүк сакталат. Ал эми тескерисинче Доналд Трамп мамлекеттин  башчысы болуп шайланса, анда эки өлкөнүн ортосундагы мамилеси терс жагына өзгөрүшү мүмкун. Трамп   Америка Кошмо Штаттары башка мамлекеттердин тышкы саясаты жана ички иштерине кийгилишпеш керек –деген принципти карманат. Менин пикиримде Трамп келе жаткан шайлоодо жеңет –деп орус илимпоз Молодяков маегинде так кесе пикирин билдирген.

 

Американын The Washington Post - гезити Доналд Трамп Мэн аймагынын шайлоочулары менен жолугушуу учурунда Өзбекстанды "Террордук мамлекеттердин катарына кирет"-деп айтканын жазган. Трамп бул чөлкөмдөгү шайлоочулары менен жолугушуу учурунда, Америка Кошмо Штаттарына мыйзам чегинде келген мигранттар, качкындар жана студенттерди бир нече мисал кылып айткан. Анын божомолунда айрымдары Американын жарандыгын алууга умтулууда, бирок алардын башкы максаты «америкалыктарды өлтүрүү» Бул пикирин  Айдахо  аймагында жашаган өзбекстандык Фазлиддин Курбановду мисалдатуу менен бекемдеген. Трамптын айтымында, Курбанов  террордук уюмга жардам көрсөткөн жана тыюу салынган жардыргыч заттарды сактаган-деп  айыпталып 25 жылга  эркинен ажыратылган. 

Мындан сырткары  Трамп  Бостондогу жардырууну уюштурган бир тууган Царнаевдерди да  шайлоочуларына  атап өткөн. Алар Америкада  саясий баш баанек тапкан-деп баса белгилеген. Ошол эле убакта Трамп Царнаевдерди Россиядан көчүп келгендиги тууралуу үн каткан эмес. Трамптын пикиринде  Америка Кошмо Штаттарынына Өзбекстан, Сомали, Марокко, Сирия, Афганистан, Филиппин, Ирак, Пакистан жана  Йемендин  жарандарын киргизбөө керек- деп, жарыялаган. Ошол эле учурда шайлоочуларга  Өзбекстан кайсы жерде   жайгашкан билесинерби?-деген мыскыл суроосун узаткан. Таң калыштуусу   өзбекстандык мигрант Баходир Чориев, Дональд  Трамптын Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине  талапкердигин колдоорун билдирген. Ал «Бирдамлик» атындагы   оппозициялык  элдик-демократиялык  кыймылдын  лидери. Өз убагында Чориев да Америка Кошмо Штаттарында баш баанек таап саясий качкын макамын алганын The Washington Post гезити жазган.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз