ММК

"Фабула": Исаевдин "колу туткакпы"? image

11 Нояб, 2016 1328

Басма сөзгө баяндама

"Канат өзү казган орго өзү түштүбү"?- деген теманы койгон "Фабуладан" баштайлы. Гезит Канат Исаевдин бүгүнкү күндө өз партиянын лидерлигинен четтелип, а түгүл кылмыш иши козголуп тагдыры бычак мизинде турганын, Бакиевдин учурунда Токмоктун мэри болуп турганда колу туткактык кылган жайы барбы, айтор, коррупцияга шектелип а түгүл жакында камалып да калышы ыктымал деп жазды жана мындан улам “мен Конституцияны өзгөртүүгө каршы чыксам, куугунтуктап жатышат деген көз карашты коомчулукка сиңирүүгө жандалбастап жатат” деген мүнөздөмөсүн  берди. 

"Фабула" пресстен орун алган мындан башка маалыматтар: Абулгазиев ушакчыбы, Панкратовдон пайда барбы?, Бери карап күлүп,ары карап ыйлаган Чолпон Султанбекова, Дастан Бекешовдун көңүлүң айныткан министр ким, Чычкан аңдыган мышыктай же “Бир Бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов, Бабанов Зарылбектин депутат болушун каалабайт, Малабаев жүргөн жерде чөп чыкпайбы? Сариеванын изи менен же министр айым болгон Гүлмира Кудайбердиева, алкы бузуктардын жолуна түшпөңүз же Жамшитбек Калиловго кулак сырганы, "Бир Болдун" жоктон тапкан кадры дегендерди окуй аласыздар. Кененирээк төмөндө жайгашкан аудио аркылуу тыңдасаңыз болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз