Ден соолук

Өпкөнүн өнөкөт дартынан кантип сактанса болот? image

14 Нояб, 2016 3809

Респиратордук оорулар, анын  ичинде бронх астмасы жана өпкөнүн өнөкөт дарты дүйнө элинин өлүмүнө себепкер болгон  оорулар. Жер жүзүндө бир жылда сасык тумоо менен 500 миллион адам ооруп, анын 2 миллиону оорунун өтүшүп  кетүүсүнөн  каза  болот. 

Аба ырайынын  суукташы менен курч кармаган респиратордук оорулар жана сасык тумоо жана анын өтүшүп кетүүсүнөн  бронхит, пневмония дартына чалдыккандар  көбөйүүдө. Адистердын айтуусунда,  сасык тумоонун вирусу организмге дем алуу жолдору: ооз, мурун аркылуу кирет.  Ооруу тумоологон адамдан  жугат. Ал чүчкүргөндө жана сүйлөгөндө чачыраган шилекейиндеги вирустардын чоңдору жерге түшөт. Ал эми майдалары абада 4-6 саат калкып, бир нече күн  өлбөй жүрө берет. Дал ушул мезгилде  башкаларга жугуу коркунучу бар. Андыктан дарыгерлер,  жарандарды чүчкүрүү, жөтөлүү  маданиятын  биле жүрүүлөрүн эскертип келишет. Эгер оорулуу чүчкүргөндө оозун колу же жүз аарчы менен жапса, анда шилекейинин тегерекке чачыроосун  алдын алат. Муну менен канчалаган  адам жугуштуу илдеттен  сактанат. Бирок, ошол  эле учурда,  колдогу вирустар аны самындап жуумайынча кетпей тургандыгын да эске түйүү зарыл. Ошондой эле  колду спирт же арак менен шыбаса да вирус өлөрүн  адистер эскертишет.

Оору тереңдеп кетсе, пневмония, ринит, синусит, бронхит жана отит келип чыгышы мүмкүн. Мындан тышкары сасык тумоодон соң өнөкөт ооруга айланган бронх астма менен бронхит, бөйрөк оорулары  өтүшүп  кетүүсү  ыктымал.

Эң негизгиси иммунитетти көтөрүш керек.  Бул учурда  аскорбин кислотасын колдонуу зарыл. Тумоону  алдын алуучу дагы бир каражат - сасык тумоого каршы эмдөө алуу. Ал эмдөө сизди 6 айга чейин коргойт.

Сасык тумоонун вирусу суукта жакшы өрчүгөндүктөн суукка калың кийинип чыгып, үшүп калбагандай болгула. Бирок тердебегенге аракет кылуу зарыл. Бала тердеп кетсе дароо кургакташ керек. Адамдар көп топтолгон жерден качкыла.  

Эл арасында  грипп  башталганда  антибиотикттерди  ичүү адаты бар. Бирок, андан  эч кандай  майнап чыкпайт  дешет медиктер. Анткени,  грипп - вирустук инфекция болгондуктан, ал вирусту антибиотиктер өлтүрө албайт. Мындай учурда эң биринчи эреже - төшөк режими. Режимди туура сактоо менен төшөктө жаткан адам ал-күчүн көп жоготпойт жана оору өтүшүп кетүү коркунучунан сактана алат. Мындан тышкары ал адам башкаларга жугузбайт.  Сасык тумоо иммунитеттин алсыздыгынан келип чыккандыктан аны күчтөндүрүү эң маанилүү. Ал үчүн С витаминдүү азыктарды, жашылча-жемишти жеп, суюктукту көп ичүү зарыл  дешет дарыгерлер.   Эч убакта аспирин ичпеңиз. Аспирин балдарда Рея синдрому (энцефалопатия, некротикалык миозит ж.б.) сыяктуу өтүшкөн кооптуу ооруларды пайда кылат. Ашказаны ооругандарга да ичкенге болбойт.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз