Коом

Көп кабаттуу үйлөрдү мейманканага берүүгө тыюу салынышы мүмкүн image

14 Нояб, 2016 1235

Кыргызстанда көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди мейманканаларга берүүгө тыюу салган мыйзам долбоору  колдоого  алынууда.  

Эми ал кабыл алынса, мыйзам бузган тарапка 100 миң сомго чейин айып пул салынат. Ушул кезге чейин   айрым көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары суткага берилип, тынчтык бербеген батирлердин азабын тартып келген.  

Мына бул “Биринчи радиого” аты-жөнүн калтырбаган жарандын билдирүүсү болду. Көп узабай эле  редакцияга  борбор калаадагы бешинчи кичи райондун  тургуну  да  кайрылды. 

"Менин кошунам  көптөн   бери  батирин  суткалап мейманканага берет. Мен кимге  кайрыларымды билбей калдым. Коңшумдун өзү менен да сүйлөштүм, бирок эч жыйынтык болгон жок. Күну-түнү ызы-чуу болуп, тынчыбызды алып жатат.

Мына бул  калаа тургунун иренжиткен  жападан -жалгыз көрүнүш эмес. Айтылгандардан улам  ал  шаардын  баардык  райондорунда  бар деп баамдоого болот.  Азыркы тапта, көпчүлүк, көп кабаттуу үйлөрдөгү батирин  мейманканага берип койгон. 

Ушул кезге чейин  көп батирлүү үйлөрдө  суткалап берилген мейманканаларга келгендердин ызы-чуусунун азабын бүт үйдүн жашоочулары тартып, аларга тыюу сала албай келген. Эми, сунушталып жаткан  өзгөртүүнү  парламентарийлер  колдоп  берсе, шаардыктар  бир азаптан кутулат эле. Мыйзам долбоорунда көп батирлүү турак жайларды өз багытынан башка максатта ижарага берүүнү тартипке келтирүү, тактап айтканда  баардык жактардын жоопкерчилигин жогорулатуу менен, административдик айып өлчөмдөрүн көбөйтүү чаралары каралган. Көп батирлүү турак жайларды өз багытынан башка максатта ижарага берген юридикалык жактарга 100 миӊ сомго, жеке жактарга 5 -8 миӊ сомго, кызмат адамдарына 8-10 миӊ сомго чейин административдик айып салынат.

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз