Экономика

КР Европа биримдиги ишке ашырып жаткан долбоорлорго чоң маани берет image

14 Нояб, 2016 1005

Өкмөт Кыргызстанда Европа биримдиги тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлорго чоң маани берет. 

Бул тууралуу вице-премьер-министр Жеңиш Разаков Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан менен жолугушуусунда билдирди. 

Жеңиш Разаков белгилегендей, терроризм жана экстремизм менен күрөшүүдө күчтү колдонуу менен катар превентивдүү чараларды пайдалануу жана маданият аралык баарлашууну өнүктүрүү маанилүү.

Европа биримдигинин Борбор Азия боюнча Атайын өкүлү Петер Буриан терроризм жана экстремизм көйгөйү дүйнөлүк мүнөзгө ээ экендигин белгилеп, аталган маселени чечүүдө иш-аракетти бириктирүү керектигине токтолду.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз