Дүйнө

Тарыхта из калтырган Мустафа Кемал Ататүрктүн ишмердиги image

14 Нояб, 2016 3861

Мустафа Кемал Ататүрк 1881-жылы 19-майда ошол мезгилде Осмон хандыгынын  карамагында болгон гректердин Салоник шаарында төрөлгөн. Жарык дүйнөгө келгендеги аты – Мустафа. Кичинекей чагынан  айтканын эч кимге бербей эркин өскөн Мустафа  мектеп жашына келгенде ата-энеси ага кандай билим берүү боюнча эки айры пикирде болушат. Динге жакын апасы аны куран үйрөнүүсү үчүн медреседе окуусун тилесе, ал эми  атасы заманбап билим берген окуу жайга тапшырткысы келген. Адегенде  энесинин сунушу менен диний мектепте окуй баштап, бир аз убакыттан кийин светтик билим берген Шемси Эфенди мектебинен окуусун улантат. Ататүрк мындай  мектепте окууга шарт түзүп берген  атасына өмүр бою ыраазы болгон. Мустафа  сегиз жашка толгондо атасы каза болот. Мустафа  өмүрү  мындан ары  аскер тармагы байланыштуу болот. Мустафа  1893-жылы, Салоник  калаасындагы башталгыч аскер мектебине өткөн. Кемел – кыргызча айтканда «Мыкты» деген кошумча ысымды ушул  башталгыч аскер  мектебинде окуп жүргөндө, анын  мугалими математиканы теңдемелерин жакшы чыныгаргандыгы үчүн  койгон.

Ал 1896-жылы Македониянын  Битола  шаарындагы  аскер мектебине кабыл алынат.  1899 –жылы  Стамбулдагы Осмон  аскер  колледжине өтөт. 1902-жылы  окуусун улантып Стамбул аскер академиясына  тапшырат. 1905-жылы Башкы штабда капитандык чинде жүрүп, бийликке каршы иш жүргүзгөн деген шек менен бир нече айга камакка алынат. Бирок бат эле бошотулуп, Дамасктагы аскердик бөлүккө жөнөтүлөт. Жаш офицер иш-жүзүндө  эле султан Абдул Хамиддин бийлигинин ички да, тышкы да саясатына абдан абдан каршы болчу.Анткени анын Ата-Журту батыш державалардын колониясына айланып бара жатканын көрүп.Кемелдин жанын кашайтчу.Андан тышкары султан Абдул –Хамиддин тегереги жалаң курд,черкес,лаз,аджарлыктардан турганы Кемелдин кыжырын келтирген.  Ал фрацуз агартуучуларынын, англис либерализминин идеяларын өздөштүрүп, түрк патриот акындарынын ырларына кызыкчу.1904-1908-жылдары Мустафа Кемаль Осмон өкмөттөгү жана армиядагы жемкорлук  менен күрөшүү үчүн революциялык маанайдагы жашыруун   “Ватан (Мекен) “-деп аталган уюмду уюштурат.  1908-жылы Осмон  империясынын бийлигине” кенже түрктөр “-деп аталган революциялык  кыймылынын өкүлдөрү бийликке келген. Бирок Кемел менен “кенже –түрктөрдүн  “кээ  бир башчылары менен көз карашы келишпегендиктен, саясаттан алыстайт.Аны Осмон өкмөтү Францияга жөнөтөт.1911-жылы  Стамбул  башкы генералдык штабда иштейт.Ошол  эле  жылы  Түркияга караган Ливияга  Италия  басып кирет.Тобруктун  алдында Кемел Италиянын аскерлерин талкалайт.Бул согушта Түркия жеңилсе да Кемелдин ысымы ,өлкөнүн армиясынын ичинде  жоокер жылдызы жанат.  Ал эми  экинчи Балкан согушунда болгарларды жеңет. Кемел Түркияда чет элдик таасирдин күчөшүн  каалаган эмес .Ошондуктан Түркияны башкарган Энвер- пашанын саясаты аркылуу ,расмий Стамбул   Германия менен Австро-Венгрияга кошулуп  Батыш менен Россияга каршы согушка катышуусуна каршы болгон.Тагдырдын тамашасы дегендей  1913-жылы  Мустафа Кемел Болгариянын  борборуна София калаасына аскер  атташе  кызматына дайындалат.Ал 1914-жылы  подполковник наамын алат. Болгарияда  Мустафа Кемаль 1915-жылга чейин кызмат өтөйт. Андан кийин  Текирдаг шаарына  19-чу дивизияны кураганы  барат. Дарданелл кысыгы үчүн айыгышкан салгылашта Кемелдин кошууну өзгөчө эрдиги менен айырмаланат.Себеби кечээки түрк дыйкандары мыкты даярдалган австриялалык аскерлердин  чаабулун мизин кайтарып жатканда.Кемел аларга : Мен силерге чаабул койгула –деп буйрук бербейм.Мен силерге Ата-Мекен үчүн курман болгула –деп  буйрук берем-деп кайрылган. Анын  19-чу дивизиясынын 57–чү полку  ушул Дарданелл операциясында баардыгы каза болот.Кемелдин   сөздөрү  бүт  өлкөгө тарайт.Мындай эрдиги үчүн Кемел полковник наамын алат.

Мындан сырткары ал  Биринчи дүйнөлүк согушта батыш өнөктөштөр жана орус армиясына каршы  бир нече ийгиликтүү  операцияларды жүргүзөт.Ошондуктан майдандагы каармандыгы үчүн   Осмон бийлиги ага генерал-лейтенат жана паша даражасын ыйгарат.Тилекке каршы бир маалда 9 фронтто согушкан Осмон империясы жеңилүүгө дуушар болду.Согуштан соң европалык  өнөктөштөр  түрк султанын багындырып  жана аны Мудросс тынчтык келишимине кол койдурушат. 1918-жылы европалык өнөктөштөр Стамбулдун жартысын басып алып. Булар мурдагы Осмон хандыгына таандык жерлерди  бөлүштүрүп,өз үстөмдүгүн орното баштаган. Мисалы айта кетсек француздар өлкөнүн түштүк-чыгыш бөлүгүн ээлеп калышат.  Мындан сырткары  грек менен италиялыктардын армиясы  Түркиянын түштүгүн,  ээлеп, Измирди  басып  алып.  Ошол аймакта  жергиликтүү түрктөрдү ырайымсыз кырып кирген. Кемел Ата-Журтунун ушундай кор болгонуна  чыдабай  .Ал  1919-жылы  нагыз түрктөрдүн  ордосу деп эсептелген   Анадолу  боюнча улуттук боштондук кыймылын уюштуруп жетектейт. Кемел Анкара шаарында Түркиянын  Улуу Улуттук Жыйынын  түптөйт. Ошентип ал жаңы, көз карандысыз Түркия мамлекетин түзүш үчүн узак  жана татаал күрөштүн башына турат . Антанта өлкөлөрүнө каршы Улуттук боштондук согушу башталат.Түрк элинин эркиндик үчүн согушта  кыргыз эли  жана жердишибиз Михаил Фрунзе  зор жардам көрсөткөн.  

Совет мамлекетибиз  жарандык согушта  абдан  кыйналып турганына карабастан Новороссийск, Туапсе жана  Батуми дениз порттору  аркылуу  Түркияга  39 миң мылтык, 63 миллион ок, 327 пулемет, 54 замбирек, 147 миң снаряд, эки «Живой »менен «Жуткий» аскер кемелери  жана башка курал жарактарды  жөнөткөн. Мындан сырткары  Совет бийлиги түрк боордошторубузга 10 миллион алтын акча көмөк катары берген. Үч жылга созулган  согуштун натыйжасында Лозанн тынчтык келишине кол коюлат. Өлкөнү баскынчылардан куткарган үчүн Кемал пашаны ыраазы болгон журт  Газы (Жеңүчүү) деп даңазалады. Азыркы Түркиянын чек арасы белгиленип, 1923-жылы 29-октябрда Мустафа Кемал жаңы түзүлгөн республиканын президенти болуп шайланат.Анын буйругу менен мамлекеттин жаңы борбору Анкара калаасы болот.Кемел-паша Осмон деген улуттук аталыштын  ордуна түрк деп киргизген.Буга чейин Осмон хандыгынын мен осмонмун  деп  ак сөөк ,төрө,шаардык тургундар –деп сыймыктанып айтышчу.Ал эми Анадолу  аймагында жашаган түрк  тектүү дыйкандарын түрк деп шылдаңдашчу. Газы Кемел-паша өлкөнүн бүт жарандары улутуна карабастан түрк-деп жарыялады.  Ошол эле учурда Осмон империясы менен  халифатын жокко чыгарат.Буга  карабастан алардан калган эски салт жана идеология эл арасында кадыр-баркын  жоготкон эмес. 

Демократиялык жана мамлекттен дин бөлүнгөн  өлкө түзүү максатында «Бийлик бир гана калкка таандык» урааны астында кабыл алынган жаңы Башмыйзамда   динди саясаттан  алыстаткан. Исламдан мамлекеттик дин макамы алынып, анын ордуна улутчулдукка таянган жаңы идеология жарыялаган. Башмыйзамдын негизги принциптери катары лаицизм (светтик), социалдык теңчилик, мыйзам баардык жарандары баш ийүүсү жана Түркия өлкөсүнүн жана  элинин бөлүнбөстүгү –деп баса айтылат. Бийлик бутактары тарызта  биринчи  жолу мыйзам чыгаруу, аткаруу жана соттук болуп бөлүнөт. Өлкөдө көп партиялуу парламенттик система курулганына карабастан Ататүрк курган Республикалык-Элдик Партия (СНР) 1945-жылга чейин межлистеги жалгыз партия болуп турган. Тарыхчылар мындай көрүнүштү Ататүрктүн реформаларын башкаларга көз каранды болбой жүргүзүү чечиминен улам деп эсептешет. Кемел-паша толук кандуу динге көз каранды эмес  жана модернизацияланган мамлекет  жана коом куруу үчүн радикалдуу мыйзамдык өзгөртүүлөр жүргүзүш үчүн, француз светтик коомунан үлгү алган. Европалашуу мүдөөсүндө баардык диндерге бирдей мүмкүнчүлүк берилип, диндин бийликтеги, коомдогу, укук жана билим берүү системасындагы таасири жоюлган.

Андан тышкары мыйзамдар жаатында  анын реформалары Осмон хандыгынын калдыктарын биротоло жок кылган өзгөртүүлөрдү алып келди. Империянын убагында диний мыйзамдар укуктук мыйзамдардан жогору болуп шариат өкүм сүргөн. Реформалар аркылуу шариат мыйзамдары жоюлуп, анын ордуна Швейцария жана Италиянын мыйзамдык кодекстери кабыл алынган. Осмон  династиясын  колдогон дубаналардын баардык  уюмдарына тыюу салган.Себеби булар диний фанатизмдин булактары болчу. Алардын бир нече кылымдан бери келе жаткан ишмердүүлүгун токтоткон.Кемел түрк аялдары паранжа кийбесин деген мыйзамды киргизген. Ошондой эле көп аял алуу тыйылып, жарандык нике мыйзамдаштырылып, аялдардын укугу көбөйтүлгөн. Аялдардын коомдук автоунааларда мырзалар   менен бирге жүрүүсүн мыйзамдаштырган. Алардын билим алуудагы шарт түзүп берген.  1920-1928-жылдарда жогорку билимдүү аялдардын саны 0 пайыздан 10 пайызга жогорулап, аялдар мурда уруксат берилбеген кесиптерде иштей баштады. Кемел Ата -Түрк 1928 –жылы түрк тилин латын алфавитине өткөргөндө  араб жана фарс сөздөрүнөн тазалаган. Анын  ордуна, түрк тилине  литвалык   түрк тектүү карай калкынын 330сөздөрүн кабыл алган. Медицина тармагындагы реформалар аркылуу диний жол менен дарылоо токтотулуп.Мединициналык билим алган гана   дарыгерлер иш жүргүзө баштаган. Мындан сырткары  түрк элинин сүймөнчүгү даңазалуу Газы  Кемел–паша Ататүрк  7 кыз жана 3 уул багып алган. Алардын аталары Биринчи Дүйнөлүк жана өлкөнүн эгемендүүлүгү үчүн согушта каза болушкан.Андан тышкары  бул жетим балдардын  улуту армян,босниялык  менен түрк  болгон. Баардык балдарына  Ататүрк жакшы билим берген. Ал 1937-жылы  өзүнө таандык жерлерди мамлекеттин  карамагына  белекке тартуу  кылган.Кемел-паша кыймылсыз мүлкүнүн бир бөлүгүн Анкара  жана   Бурса мэрияларына   өткөзүп берген.Ошол эле убакта  байлыгынын экинчи бөлүгүн карындашы  менен балдарына жана түрк тилин ,тарыхын  изилдеген коомдорго мурас кылып калтырган.Кемелдин руханий кызым деп атаган Сабиха Гөкчөн дуйнө жүзү боюнча биринчи аскер аял учкуч болгон .Анын  урматына Стамбулда эл аралык аэропорт аталган . Дагы бир кызы Түркияда белгилүү  тарыхчы   болду.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов. Тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев, "Биринчи радио".


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз