Экономика

Интернет баасынын кымбатташына ким күнөөлүү? image

16 Нояб, 2016 1952

Интернеттин баасынын кымбатташын иликтеген депутаттык комиссия “Кыргызтелеком” ишканасынын жетекчилигин айыптоодо. Комиссиянын жыйынында казакстандык провайдерлер менен мыйзамсыз келишим түзүлгөнү айтылды. 

Ал эми ишкана жетекчиси бул жалпы чечим болгонун белгилеп, өз учурунда туура кадам жасалганын билдирүүдө. 

“Кыргызтелеком” Ачык Акционердик Коому казакстандык KazTransCom жана Global Kvant Service ишканалары менен интернеттин 1 мегабитин 30 доллардан сатып алууга келишим түзгөн. Жогорку Кеңеште бул мамлекетке чыгым алып келе турган мыйзамсыз келишим экени айтылып, УКМКны буга көңүл бурууга чакырышкан. Атайын түзүлгөн депутаттык комиссия өз жыйынында ишкананын жетекчилигин айыптады. 

Казакстандык ишканалар менен чуулуу келишимдин бири 29-июлда, экинчиси 1-августта түзүлгөн. Алардын ар бири 210 миң доллар. Депутаттар буйруктан мурда келишим түзүлгөнү да мыйзамсыз болгонун билдиришүүдө. Буга чейин интернеттин баасына байланыштуу маселе боюнча кыргыз тарап Евразия экономикалык комиссиясына кайрылган.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз