Дүйнө

Орто Азиялыктар эмне үчүн террордук уюмдарга кошулуп кетүүдө? image

16 Нояб, 2016 4580

Россиянын федералдык коопсуздук кызматы өткөн жумада Москва менен Санкт-Петербург калааларында жана Борбордук Азияда террордук  актыларды жасоону көздөгөн ондон ашык адам кармалганы тууралуу маалымат тараткан. Камакка алынгандар  "Ислам мамлекети"деп атаган  террордук уюмуна катыштыгы бар экенин моюндарына алышкан. Операция Россиянын Ички иштер министрлиги менен Кыргызстан, Тажикстан жана Россиянын атайын кызматтары менен биргелешкен аракетинин жыйынтыгында ишке ашкан. 

"Ыкчам иликтөө иш-чарасынын натыйжасында  Россияда Тажикстандын жараны кармалган. Ал "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкери бир тууганынын көрсөтмөсү менен Сирияга бармак. Кармалгандан кийин ал Тажикстанга экстрадицияланды. Укук коргоо бөлүмүнүн билдирүүсүндө кармалган диний радикалдын маалыматтарына таянып, Кыргызстан, Тажикстан, Россия күч түзүмдөрү Москва жана Санкт-Петербург шаарларынан Борбордук Азия  тектүү  12 жаранын кармашкан. Алардан ок атуучу куралдар жана жардыруучу заттар табылган. Кармалгандардын аттары тергөөдөн улам айтылбай жаткан учуру. Жогоруда сөз болгон террорчулар Россияда , ДАИШтин согушкерлери окшоп Париж менен Ниццадагыдай террордук актыларды уюштурганга аракет кылышканы байкалат. Бүгүнкү күндө Россияда мурдагы Федералдык Миграция кызматынын маалыматы боюнча  Борбордук Азиядан 3,2 миллион жана Азербейжандан 522 757 эмгек миграттары иштейт. 

Анын ичинен Өзбекстандын 1 миллион 880 миң  547,Тажикистан 862 миң  321 жана Кыргызстандын 553 миң 910  жарандары. Эмне үчүн айрым борбордук азиялык жана кавказдык мигранттар “Ислам мамлекети “-деп атаган террордук топтун катарына кошулуп жатат? - деген суроо жаралат. Анткени каатчлыкка  байланыштуу Россияда жумушсуздук күч алып жаткан  убагы. Россияга жумуш издеп келген көпчүлук мигранттар  кыйналууда. Мындан сырткары Россияда мигранттар кээ бир полиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракеттеринен жабыркап келүүдө. Жогоруда айтылган айрым полиция  кызматкерлери  мигранттардан опузалап пара алуусу, мыйзамсыз камоосу, кордоп  жана  басмырлоосу. Дал ушул себептен кээ бир  эмгек мигранттары  диний террордук уюмдарга кошулуп кетүүдө. 

Теманын уландысын аудиодон укса болот.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов.Тааныштырган Замира Нусубалиева, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз