Экология

Кыргыз гидрометерология агенттигинин потенциалын жогорулатууга муктаж image

3 Фев, 2016 409

Кыргыз гидрометерология  агенттигинин  потенциалын жогорулатуу керек. Бүгүнкү  күндө   мекеме  тарабынан   аба  ырайы  тууралуу  билдирүүлөрдүн    90 пайыздан ашыгы дал келет. Бирок  узак мөөнөттүү  божомолдор  өз натыйжасын бербей   жаткандыгын  2-февраль күнү  өзгөчө  кырдаалдар  министри  Кубатбек  Боронов  ведомствонун  жылдын жыйынтыгын чыгарган  отурумунда  айтты.  Министрдин айтуусунда,  гидрометтин  маалыматтарды  узак  мөөнөттө  айтып бере албагандыгы   өлкө  аймагындагы   агын   сууларды ар тараптуу   пайдалануу  боюнча   тиешелүү тармактардын  алдын ала  коюлган   иш пландарын  иштеп чыгууга  жардам бере албай жатат. Бул  багытта  жумушту  күчөтүү  зарыл деди   ал. 

Бүгүнкү  күндө өлкө  аймагында  32 метео станция,  4 автоматтык  станция, 69 метео пост бар.  Агрометерологиялык байкоолорду  31 станция жана посттор жүргүзсө,  Ысык-Көлдө суунун  деңгээли   4 пост,  дарыяларда  гидрологиялык байкоолорду  жүргүзүү  77 пост  аркылуу ишке  ашырылып келет.

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз