Илим жана билим

Сабаттуу диний билим берүү үчүн теология колледжи уюштурулган image

3 Фев, 2016 1297

Кыргызстанда дин чөйрөсүндөгү  мамлекеттик концепциянын иштелип  чыкканына  эки жыл болду.  Анын алкагында  мугалимдерге атайын окутуулар,  сабаттуу диний билим берүү максатында  теология колледжи уюштурулду, алдыда дагы бир катар иш-чараларды аткаруу белгиленген. Деген менен бул багытта жетиштүү иштер аткарылбай жаткандыгын сындагандар да бар. Айрым талдоочулар  дин кызматкерлери коомчулук менен бирге, өзгөчө, жаштар арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү сунушташат.

Дин чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясий концепция алгач 2006-жылы кабыл алынган. Бирок диний абалдын  өзгөргөнүнө байланыштуу ага толуктоо киргизүү зарылдыгы келип чыккан болчу. Мындан улам,  2014- жылдын 3-февралында Коргоо кеңеши жыйын куруп, диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясий концепцияны жаңыртуу чечими кабыл алынган.

                                                            

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз