Экономика

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга корогон каражаттар бюджеттен төлөнбөйт image

3 Фев, 2016 1291

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадын курууга корогон каражаттар бюджеттин эсебинен төлөнбөйт. Энергетика тармагынын жетекчилиги долбоордун буга чейинки чыгымдарын орус тарапка жаңы инвестор кайтарып берээрин билдирди. Айрым маалымат каражаттары мамлекеттин мойнунда жаңы карыз пайда болду деген маанайда маалымат таратышкан. Адистер муну негизсиз деп эсептешет. Бул пикирлер курулушка корогон каражаттын көлөмү шек туудуруп, депутаттык комиссия иликтөө иштерин башатаганына байланыштуу жаралууда.

37 миллион доллар. “Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары” Жабык акционердик коому көрсөткөн маалыматта долбоорго дал ушунча каражат корогону айтылат. Бул парламент депутаттарынын арасында шек туудуруп, 12 эл өкүлүнөн турган комиссия түзүлгөн. Алар ишканадан тиешелүү документтерди талап кылууда. Сарпталган каражаттын көлөмү талаш туудурса, аны орус тарапка ким кайтарып берет деген суроо да жаралбай койгон жок.

Эл өкүлдөрү ГЭСтерди курууга сарпталган каражаттын көлөмү көбөйтүлүп көрсөтүлдү деп шектенет. Анын чын-төгүнүн бышыктоо үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия тиешелүү  документтерди талап кылууда. Комиссия төрагасы Алмамбет Шыкмаматов кызмат көрсөтүүлөр менен жабдуулардын баасы жогорулатылганын белгилейт. Ишкана тарабынан айтылган 37 миллион доллар 2-3 эсеге чейин көбөйтүлгөн болушу мүмкүн.

Парламенттик комиссиянын мүчөсү, депутат Исхак Масалиев бул талаш маселе эки өлкөнүн ортосундагы ишенимге доо кетирген көрүнүш деп эсептейт.

Ал эми “Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары” жабык акционердик коому сарпталган каражаттар ойдон чыгарылбаганына ишендирет. Ишкананын башкармалыгынын мүчөсү Чоробай Акуновдун айтымында баардыгы мамлекеттик сатып алуулардын талаптарына ылайык жүргүзүлгөн. Депутаттардын, башка органдардын текшерүүлөрүнө эшик ачык экенин белгилейт.

Бирок, Жогорку Кеңешке, тиешелүү органдарга документтерди көрсөтүү үчүн Жабык акционердик коомунун эрежелерине ылайык ишкананын директорлор кеңешинин уруксааты керек. Бул боюнча жакын арада орус тарап менен биргелешип чечим кабыл алынат. Ал эми депутаттык комиссия документтерди чукул арада, тагыраак айтканда 5-февраль күнү алып келүүнү талап кылып жатат. Талаштуу маселе орусиялык “Русгидро” менен түзүлгөн келишимдин жокко чыгарылышынан кийин жаралууда. ГЭСтерди куруунун кечеңдеши менен Кыргызстан башка инвестор издөөгө кам көрө баштаган. Ага ылайык орус тарапка буга чейин сарпталган каражат төлөнүшү керек. Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев каражатты кайтаруунун шарттары сүйлөшүүгө ылайык жүргүзүлөөрүн белгилейт. Маселени жаңы инвестор чечиши мүмкүн деген ойдо. Кандай болгон күндө да орус тараптын ГЭСтерди курууга короткон каражаттары Кыргызстандын карызы болуп эсептелбейт. 

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадына байланыштуу Кыргызстандын жаңы тышкы карызы пайда болду деген пикирлерди Улуттук энергохолдингдин башчысы Айбек Калиев да төгүндөйт. Ал курулушка чындап 37 миллион доллар сарпталганбы, же текшерүүлөр башка сумманы көрсөтөбү, муну төлөө жагы кийинки инвесторго сунушталат. Талаштуу сумманы тактоону өкмөттүк комиссия да колго алган.

Жогорку Нарын ГЭСтер каскадында 4 гидроэлектростанция куруу пландалган. Алардын катарындагы Нарын-1 толугу менен бүткөрүлсө, Ак-Булуң ГЭСи 90 пайызга даяр болгон. Мындан сырткары жумушчулар шаарчасы, атайын көмөк чордон, ири кампа, бетон заводу сыяктуу инфраструктуралары ишке берилген. Ошентип, депутаттык комиссиянын мүчөлөрү аларга корогон каражаттар 2-3 эсеге чейин көбүртүлүп көрсөтүлдү деген пикирди карманышууда. Мындай мыйзам бузуу аныкталса ага Кыргызстан же “Русгидро” компаниясы эмес,  “Жогорку Нарын гидроэлектростанциялары” Жабык акционердик коому жооп берет. Ишкананы башкарууга эки өлкөнүн өкүлдөрү катышкан. Андыктан 37 миллионго байланыштуу териштирүүлөр эки тараптан тең жүргүзүлүшү керек.

Калыгул Асамбаев

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз