Экономика

Улуттук валюта колдоого муктаж image

4 Фев, 2016 920

Кыргызстанда ички-соода сатыкты улуттук валюта сом менен жүргүзүүгө курулуш компанияларында мүмкүнчүлүктөр бар. Бул тууралуу Монополияны жөнгө салуу агенттигинин өкүлдөрү билдирүүдө. Анткени ар бир курулуш компания келишимдерди сом менен түзүп, курулуш материалдарды сом менен сатып алат. Кызматкерлерге дагы маяна сом менен берилет. Ал арада курулуш компания өкүлдөрү  сооданы сомго которууда эң башкысы инвестор менен иштешүүдө кыйынчылыктар жараларын айтышууда.

Учурда улуттук валюта колдоого муктаж болууда. Соңку кезде АКШ акчасы кескин кымбаттап кошумча түйшүктордү жаратып жатат. Мунун негизинде өкмөт доллардан баш тартуу аракетин көрүп, бир катар иш-чараларды баштады. Алардын арасында соода-сатыкты улуттук валютада жүргүзүү маселеси дагы турат. Бул маселеге өзгөчө курулуш компаниялары тишелүү болууда. Себеби ар бир курулуш материалдары сом менен сатып алынат жана кызматкерлерге дагы маяна сом менен төлөнөт. Монополияны жөнгө салуу агенттигинин стат-секретары Айбек Мамыралиевдин айтымында, өкмөт курулуш компанияларын сомго өтүүгө милдеттендирген жери жок. Болгону доллардан баш тартуу аракети болууда.

Ал эми курулуш компанияларынын көпчулүгү сомго өтүүнү каалаганы менен тобокелчиликке барууну каалагандар аз. Алар сооданы сомго которуу менен эң башкысы инвестор менен болгон иш солгундап калат-деп кооптонушууда. Курулуш компаниялардын биринин  өкүлү Эркинбек Керимовдун айтымында, курулуш тармагы сомго өтө турган болсо, келечекте инвесторлор менен кандай иштешүү керек деген суроо  пайда болот.

Сомду колдоого алуу демилгесин көтөргөн Улуттук банктын өкүлү бул кыйынчылыктар менен алдын-ала тааныштыгын белгилеп, бул багытта кырдаалды жөнгө салуу үчүн мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү жагы каралып жатканын маалымдады. Андыктан бул маселе комплекстүү чечилип жатат. Анын үстүнө азыр Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында Кыргызстан соода-сатык мамилелерди улуттук валютанын негизинде жүргүзүү үчүн аракеттер көрулүп жатканын Монополияны жөнгө салуу агенттигинин стат-секретары Айбек Мамыралиев кошумчалады.

Ошентип кыргыз экономикасында доллардын кунун төмөндөтүү жөнүндө көп сөз болуп, алдыңкы кадамдар башталды. Бөлөк валютага ушунчалык көз каранды болуп, ансыз жашоону элестетүү кыйынга айланып бараткандай. Бирок Кыргызстан көбүнчө соода-сатыкты коңшу жана Евразиялык экономикалык биримдикке кирген өлкөлөр менен жүргүзөт. Андыктан сооданы улуттук валютага өткөрүп, доллар менен эсептешүүдөн баш тартуу маанилүү сунуш –дешет талдоочулар. Азыр бул багытта башталган алгылыктуу иштерге үмүт артылууда.

М.Абдраманова 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз