Дүйнө

Африкада Кытай өз таасирин күчөтүүдө image

30 Нояб, 2016 2994

Франциялык Atlantico басылмасына саясат таанучу Паскаль Дайе-Бюржо “Африкада Түштүк Корея Кытайга окшоп саясатын жүргузуп жаткан учуру” аттуу макаласын жазып чыкты. Дайе-Бюржонун айтымында  бүгүнкү күндө  эксперттер Африкада Кытай таасирин күчөтүп жатканын айтууда.Бирок серепчилер ушул континентте Түштүк Корея да экономика менен маданий жаатында басым жасаганын байкабай жатат. Келечекте Африкадагы мамлекеттер үчүн Түштүк Кореянын экономикалык жана саясий жетишкендиктери менен үлгү болуп бере алат. Эмне себептен  Түштүк Корея кара континентке таасирин күчөткөнгө, кызыктар? деген суроо жаралат. Анткени бул Чыгыш- Азияда  жайгашкан өлкө жакынкы арада калкын тамак-аш менен толук камсыз кыла албайт- деп автор макаласында баса белгилейт.

Анын  баамында, ошондуктан Сеул Африкада  айдоо аянттарын сатып алууга умтулууда.Тилекке каршы мындай стратегия жыйынтык бербей жаткан учуру. Себеби  Мадагаскарда жергиликтүү эл  корейлердин ушундай мүдөөсүнө каршылык көрсөтүп жана жерин сатпай койгон. Бирок ушул себепке карабастан Түштүк Корея орто катмары өнүккөн Африка  мамлекеттери  менен карым-катнаш түзгөнгө аракет кылууда.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз.Батилов, тааныштырган Рахматулла Кудайбердиев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз