Policy

Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине 5 жыл толду image

2 Дек, 2016 549

Мамлекет башчынын маалымат-жыйыны 4 саатка созулду. 1-декабрь Атамбаевдин президенттик кызматка киришкенине 5 жыл толду. Алгачкы суроо дал ушул 5 жыл аралыгындагы жасалган иштерге байланыштуу болду. Өлкө башчысы бул мезгил аралыгында калк улуу эл экенин билүүгө жетишкенин негизги ийгилик катары белгилейт. Атамбаев эми 2040-жылга чейинки улуттук өнүгүү стратегиясын жазууну максат кылууда. Кадр маселеси да козголбой койгон жок. Айрымдар жаңы дайындалган Ички иштер министрине байланыштуу президенттин дарегине сын айтышкан эле. Өлкө башчысы өзүнүн мурдагы жан сакчысы бул кызматка татыктуу экенин айтып, анын ишин 1 жылдын ичинде сынап көрүүгө чакырды. Буга чейин “Ата-Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев президент “Дастан” ишканасына таандык жерлерди мыйзамсыз сатып алып, үй куруп жатканын айтып чыккан эле. Журналисттер тарабынан мамлекет башчыга салынып жаткан турак-жайына байланыштуу да суроо берилди.

Кыргызстандын Борбор Азиядагы орду кандай? Коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу өнүгүү байкалып жатабы? Бул суроолорго да кенен жооп алынды. Атамбаев салыштыруунун эки жолун тең эске алууга чакырат. Ички дүң өндүрүм аз болгону менен карапайым элдин жашоо турмушун, эркиндигин эске алганда мактанууга негиз бар. Президент өз мөөнөтү соңуна чыккандан кийин бул кызматты жаңы шайланган ишмерге тынч жол менен өткөрүп берээрин айтып келатат. Бул пикирин дагы бир ирет кайталады. Атамбаев бир жылдан кийин премьер-министр да, Жогорку Кеңештин төрагасы да болууга ашыкпайт. Бирок, өлкөдө боло турган окуяларга эч убакта кайдыгер карабайт. Ал 2020-жылы боло турган парламенттик шайлоодо өзү түптөгөн партияга жардам берээрин айтууда.

Мындан сырткары өлкө башчысы Кыргызстандын тышкы саясаты туура жүргүзүлүп жатканын, Россия өлкөнүн стратегиялык өнөктөшү экенин белгиледи. Ал эми саясий жактан алып караганда мамлекеттин багыты Европаныкына шайкеш келет. Муну президент Кыргызстан парламенттик башкарууну жактап жатканы менен түшундүрүүдө. Мамлекет башчы Орусиянын да, АКШнын да базаларына таянбастан өлкөнүн өзүнүн армиясын күчтөндүрүү зарылчылыгын белгилейт.  Ошондой эле “Мегаком” ишканасын сатуу керек экенин, ал ишке ашпаса Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду жооптуу болоорун белгиледи. Ал эми “Кумтөр” маселесинин чечилээрине аз калды деп ишендирет. Президентке саясат, мамлекеттеги көгйөйлөрдөн сырткары өзүнө байланыштуу да суроолор берилди. 60 жылдык мааракесинде элдин куттуктоо каттары эң чоң белек болгон.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз