Энергетика

Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча комиссиянын иликтөө иши эки айга узартылды image

5 Дек, 2016 14480

Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча  иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын  иши дагы эки айга узартылды.  Буга чейин , комиссия , долбоорго  кеткен чыгымдарды иликтөө үчүн эл аралык аудиттерди тартуу, курулган объектилерди мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу жыйынтыгына келген .  Ал эми  “Жогорку-Нарын ГЭС каскады” жабык акционердик коомунун  башкаруу кеңеши , депутаттык комиссиянын ишин  көз карандысыз аудит текшерүүгө тийиш  деп эсептейт. 

Президент   Алмазбек Атамбаев  жыл жыйынтыгына арналган маалымат жыйында  бул маселеге кайрылды. 

Эскерте кетсек,  Жогорку Кеӊеште Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы угулду. 

2012-жылы Кыргызстан менен Россия өкмөттөрүнүн ортосундагы  макулдашууга ылайык  Жогорку Нарын    ГЭС  каскадынын курулушу башталган.   Каскаддын  долбоордук кубаттуулугу 237  мегаватты  түзүп,  төрт гидроэлектростанциянын  курулушун камтыган.  Долбоорду   ишке ашыруу боюнча Кыргызстандан  «Электр станциялары»  ишканасы  жана  Россиянын  «РусГидро»  мекемеси тең үлүштө «Жогорку-Нарын ГЭСи»  акционердик коомун түзгөн . Кыргыз тарап өз үлүшү катары Жогорку-Нарын гидроэлектростанциялар каскадын курууга  жер участогун бөлүп берген. Бирок, 2015-жылы  орус  тарап  курулуш боюнча алган милденттенмесин аткара албай долбоордун  техника-экономикалык негиздемесине  ылайык 2016-жылы Нарын ГЭС-1 биринчи агрегатын ишке киргизүү планы  үзгүлтүккө учурады.   Буга байланыштуу ,2015-жылы  кыргыз тарап  макулдашууну денонсациялоо демилгесин көтөргөн.Бул боюнча   убактылуу  депутаттык  комиссия   түзулгөн.   Анын төрагасы  Алмамбет Шыкмаматов, макулдашуунубузууга  чейинки аткарылган жумуш тууралуу  айтып, көп об”ектилердин курулуш наркы кыйла жогорулатылганы аныкталгандыгын белгиледи:

Талкуунун жүрүшүндө,  мындай   кетирилген калпыстыктар  боюнча  жоопкерчилик  кимге тартылат?  деген суроо коюлуп,   маселе боюнча Башкы прокуратурага  тапшырма берүү жагы   каралып жаткандыгы айтылды.  Мындан тышкары,  эл аралык стандарт  боюнча   аудит өткөрүү зарылдыгы белгиленди. Жалпысынан ,  бул  курулушка 37 миллион доллар сарпталган, аларды Кыргызстан Орусия менен ГЭСтерди куруу боюнча келишимден бир тараптуу баш тарткандыктан кайтарып берүүгө милдеттүү экендиги айтылып келет.  Эл  өкүлү   Дастан Бекешев да бул маселеге кызыкты : 

Ошентип, депутаттык комиссиянын маалыматынан  кийин Жогорку Кенештин токтому кабыл алынды. Ага ылайык, өкмөт эки ай аралыгында көрүлгөн чаралар тууралуу маалымат берүүгө тийиш. Ошондой эле, депутаттык комиссиянын иши дагы эки айга узартылды.

Ал эми   “Жогорку Нарын ГЭС каскадынын” башкаруу кеңешинин  мүчөсү Чоробай Акунов , курулуш об”ектинин баасы  боюнча  айтылып жаткан күмөн саноолорго   көз карандысыз  аудитти тартуу мүмкүнчүлүгү   бар экендигин белгилейт:

Кыргызстан   Жогорку  Нарын  ГЭС  каскадынын  курулушуна  инвесторлорду  тартуу  боюнча   бардык пайдалуу варианттарды караштырууда. Улуттук энергохолдинг, Кытай менен Бириккен Араб Эмираттарындагы компаниялар   аталган   каскаддын  курулушуна кызыгып жаткандыгы  тууралуу  билдирген.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз