Экономика

Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча иликтөө иши эки айга узартылды image

5 Дек, 2016 1811

Жогорку-Нарын ГЭС каскады боюнча иштерди иликтеген депутаттык комиссиянын иши дагы эки айга узартылды.

Буга чейин комиссия долбоорго кеткен чыгымдарды иликтөө үчүн эл аралык аудиттерди тартуу, курулган объектилерди мамлекеттин карамагына өткөрүп алуу жыйынтыгына келген. 

Ал эми “Жогорку-Нарын ГЭС каскады” жабык акционердик коомунун  башкаруу кеңеши, депутаттык комиссиянын ишин көз карандысыз аудит текшерүүгө тийиш деп эсептейт. 

Президент Алмазбек Атамбаев  жыл жыйынтыгына арналган маалымат жыйында  бул маселеге кайрылды. 

Эскерте кетсек,  Жогорку Кеӊеште Жогорку-Нарын ГЭС каскадынын курулушун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын маалыматы угулду.   

Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз