Коом

Өрт коопсуздук эрежелери сакталбай курулган имараттар арбыды image

8 Дек, 2016 2460

Бишкектеги 10-кичи райондогу 16 кабаттуу үй өрт коопсуздугунун эрежесин сактаган эмес. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча инспекциясы жүргүзгөн рейдте белгилүү болду. 

Ошондой эле Манас проспектиси менен Ажыбек Баатыров көчөсүнүн кесилишинде курулуп жаткан имарат мекемеден тийешелүү уруксат кагаздарын алган эмес. 

Көп учурда көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жогорку кабаттарга көтөрүлүүчү шатыларды кесип, чатырчадагы эшиктерди бекитип салганы кырсык учурунда өрт өчүрүүчүлөргө тоскоолдук кылып келет. 

Андыктан адистер жарандарды өздөрү жашаган имараттарда өрт коопсуздугу эрежелерин так сактоосуна чакырат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз