ММК

Гимнге турбай койгон Карамушкина ичтен чыккан "ийри жыланбы"? image

9 Дек, 2016 17763

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" Ичтен чыккан ийри жылан деп, Карамушкина качан кыргызга асылганын коет деген макаланы жазды. Бул макалада Улуттук Банк тарабынан жаңыртылып, колдонууга жаңы чыга турган 200 сомдук акча бирдигиндеги атактуу Алыкул Осмоновдун сүрөтү сүрөтчү-дизайнерлердин атайынбы же кокус тайып жасаган ишинен уламбы, өзүнүкүнө окшобой чалыр болуп калганы көпчүлүк жарандардын нааразчылыгын жаратып, акынды шылдыңга алуу катары баалашып, орой каталыкты тез арада оңдоо зарылдыгы айтылып жаткан талкууда ЖКнын депутаты Ирина Карамушкинанын  өздөн чыккан жат экенин билдирип, “балким акындын көзү чын эле чалыр болсочу” деген пикирин социалдык баракчасы аркылуу жарыялаганы кыргыздын даңазалуу акынды эки эселеп, мазактоо кыргыз элине карата адепсиз жосун катары бааланды. Бул Карамушкинаны кыргыз улутуна карата айтылган кекээр кептеринин бири эмес экенин жазган макала андан ары Бакиев учурунда да КСДП партиясынан ЖКга депутат болуп турган кезинде гимн ойнолуп жатса ордунан турбай коюп кесиптештеринен кагуу жегенин эске салат. Мына ушул сыяктуу учурларды тизген бул макала канчалык сыйлап депутаттык мандатты кайра-кайра берип кадырлаган сайын Ирина Карамушкинанын “иритүү” саясаты калбай бул шовинисттик оорусу анын керт башы менен кошо жатканы калды көрүнөт деп балким бул жолу аны ортого алып талкууга салып, эсине келтирип койоттур деген чакырыкты фракциялаштарына коет. 

Кененирээк аудиодо баяндалат.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз