Укук коргоо

Зомбулукка кабылган аялдардын саны арбын image

9 Дек, 2016 25752

Өлкө боюнча  зордук зомбулукка кабылган аялдардын укугун коргоого багытталган 16 күндүк иш-чара соңуна чыгуу алдында. Анын алкагында зомбулукка кабылган аялдарга өз укугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. 

Андан сырткары 50 дөн ашык ар кандай  иш-чаралар өлкөнүн аймактарында өттү. Бүгүн дагы бей өкмөт уюмдарынын катышуусунда зордук зомбулукка кабылгандардын укугун коргоого багытталган иш-чара болду. 

Бей өкмөт уюумдар тарабынан иштелип чыккан жаңы мыйзам парламеттик биринчи окууда кабыл алынды. Эми экинчи окууда талкууланат. Анын  алкагында зомбулукка кабылган аялдарга өз укугу тууралуу түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ошондой эле ММКнын арасында аялдардын укугун коргоого багытталган материалдарды мыкты чагылдыргандардын арасында сынак жарыяланып баалуу сыйлыктарга татыктуулар ээ болду. Кошумчалай кетсек 2014-жылы өлкө аймагында үй-бүлөлүк зомбулукка кабылып каза тапкан 15 окуя катталган.

Бегайым Абдыкадырова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз