Саясат

Дүйнөнүн 25 өлкөсүндө 35 шайлоо участкасы иштеп жатат image

11 Дек, 2016 714

Чет мамлекеттерде убакыттан  айырмачылыктар болгондугуна байланыштуу айрым өлкөлөрдө шайлоо участкалары жаңыдан ачылды. Россиянын Москва шаарында жана Казакстандын Алмата шаарында 20дай шайлоочу келишкендигин аталган шаарлардагы участкалык шайлоо комиссиясынын төрагалары билдиришти. Маалыматтарга караганда, тизмеден өздөрүн таппай калгандар эки шаарда тең катталды жана Алматада кыргызстандыктардын көпчүлүгү соода менен алектенгендиктен добуш берүүчүлөрдүн активдүүлүгү начар болуп жатат.

Добуш берүү бардык жерлерде жаңы технология менен тактап айтканда,  жарандардын  биометрикалык  маалыматтары,  автоматтык түрдө добуш эсептей турган урналар  аркылуу жүргүзүп жаткандыгын тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Айымкан Кулукеева кошумчалап кетти. Маалыматтарга караганда, референдумга мекендештердин ичинен биринчилерден болуп Япониядагы жарандар добуш беришсе, эң акыркылардан болуп АКШда окуп, иштеп жүргөн кыргызстандыктар бермекчи. АКШ жана Канададагы элчилиги, убакыттын айырмачылыгынан улам бүгүн кеч ачылат.

Гүлжан Каражанова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз