Саясат

Жээнбеков: шайлоолор таза өттү image

12 Дек, 2016 1441

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана референдум таза, ачык, заманбап шайлоо технологияларды колдонуу менен өттү. Бул тууралуу премьер-министри Сооронбай Жээнбеков уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү боюнча Республикалык штабдын жыйынтыктоочу жумушчу кеңешмесинде  билдирди. 

Кечээ, 11-декабрда жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жана Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча референдумда өкмөттүн буйругу менен 2016-жылдын октябрь айында түзүлгөн Республикалык штаб иштеди. 

Аталган буйрукка ылайык, республиканын бардык региондорунда, райондордо жана айыл округдарда тиешелүү штабдар иш алып барышты. Республикалык штабдын “119” номурлуу call-борбору саат таңкы 07:00дөн кечки 20:00гө чейин иш алып барды. 

 Гүлбүбү Усенова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз