ММК

Сирия армиясы Алеппонун 95 пайызын көзөмөлгө алды image

14 Дек, 2016 1188

Дамасктын  аскерлери жана өнөктөштөрү айыгышкан  салгылашуулардын натыйжасында  Алеппонун 95  пайызын   көзөмөлгө алды. Бул күндөрү Асаддын жоокерлери  Алеппонун чыгыш  тарыбындагы жайгашкан Салахеддин  конушунан террористерди сүрүп жаткан учуру. Согушкерлер бул райондо жанын аябай, каршылык көрсөтүүдө.

Алепподо  илгертен   бери эле жер астында коммуникация менен жолдор  бар. Террористер ушул жолдор аркылуу калаадан качууда. Ошол эле маалда  Дамасктын аскерлери калаанын  чыгыш жагындагы  жер астындагы коммуникацияларды  жашынган  согушкерлерден тазалоодо. Террористердин жарымы Сириянын армиясына багынып берип жатат.

Андан тышкары Алеппонун чыгыш конушунан Россиянын көмөгү менен 50 миң тургун чыгып кетти.  Асаддын  башкы максаты Алеппону бошотуу. Ошондуктан Дамаск менен анын өнөктөштөрүнүн негизги күчүн  Алеппону ээлегенге жумшап жатат.

Талдоо маалыматын даярдаган Алмаз Батилов, тааныштырган Рахматула Кудайбердиев болду.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз