Экономика

Курула турчу 3 тоннелдин ордуна бир эстакадалык көпүрө курулат image

14 Дек, 2016 1696

Түндүк-түштүк альтернативалык унаа жолунда курула турчу 3 тоннелдин ордуна бир эстакадалык көпүрө курулат. 

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигин алдындагы "Кыргыздортранспроект" долбоорлоо институту билдирди. Учурда башкы долбоор кайрадан каралып, чыгымы эстептелип жатат. 

Бирок бир катар маалымат агентиктери эстакадалык курулушту курууга жалпы 300 миллион америка акчасы коротуларын жазып чыкты. 

2014-жылы курулушу башталган Балыкчы-Жалал-Абад жаңы унаа жолу фазага бөлүнгөн. Биринчиси Жалал-Абаддан-Казарманга чейинки 142 чакырымды камтыса, экинчи тилке- Кызыл-Жылдыздан - Аралга чейинки 12 чакырым жолдон турат. Үчүнчү фазага: Кызыл-Жылдыздан –Балыкчыга чейинки 184 чакырым жол тилкеси кирет. Учурда курулуштун 2 фазасы ишке ашырылууда.

Сүймөнкүл Идирисов, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз