Science and Education

Мурат Балбаков 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты image

16 Дек, 2016 942

14-декабрда, Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, экономика илимдеринин  доктору, профессор Мурат Балбаков 80 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 16-декабрда саат он бирде Кыргыз улуттук илимдер академиясында болорун  уюштуруучулар билдирди. 

Кыргыз улуттук илимдер академиясынын мүчө -корреспонденти, Кыргызстандын илимине эмгек сиңирген ишмер, экономика илимдеринин доктору, профессор Мурат Балбаков он бештен ашык илимдин кандидаты жана докторлорун тарбиялаган  устат, чыгаан окумуштуу болгонун замандаштары белгиледи.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн, 16-декабрда Кыргыз улуттук илимдер академиясында болорун уюштуруучулар билдирди.

Зинакан Кайыпова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз