Mass media

Аблязов 2005-жылкы революцияда Бакиевди каржылаганын айтты image

16 Дек, 2016 1417

Басма сөзгө баяндама

Бүгүн "Фабула" Муктар Аблязов Кыргызстанда болгон 2005-жылкы революцияда Курманбек Бакиевди каржылаганын айтты дегенди, министрдин кызын уурдай качкан Баткендик “легендарлуу шоопур” Таабалды Тиллаевдин таржымалын, Феликс Куловдун Кара-Кече көмүр электр станциясын куруу үчүн келген казак инвесторлорунан Максим Бакиев 150 миллион доллар талап кылган деп айткандарын, адвокат Икрамидин Айткулов Калыйбек Салянованын качып кетти деп социалдык баракчаларга жазып жүргөнүн жазды. Алдыңкы бетине саламатыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин сүрөтүн коюп, Атамбаев турганда кызматтан кетпейм деген теманы койду. 

Эми барактайлы. “Балтыр бит башка чыгат” деп бул аталышты Эдил Байсаловго ыйгарды. Кеээ бирөөлөрдү саясатчы,эксперт деп коюшса эле ойду- тоону сүйлөп оттоп кетчү болду деген "Фабула" Эдил Байсаловдун Сентябрь телеканалына берген маегин сынга алды. Атамбаев Бакиевге салыштырмалуу өтө начар жетекчи деп айтканын гезит эгер Байсаловдун логикасына таянсак, Атамбаев Бакиевге окшоп саясатчыларды аттырып, журналисттерди сабатып, каматып, үй-бүлөсүнө бийликти басып берсе жакшы жетекчи аталмак экен. Кудайды караса боло, ушундай жер ээн болсо,доңуз дөбөгө чыгат, болгондор күйгүзөт да,  Бакиев жакшы жетекчи болсо,Америкада эмнеге кара башын калкалап качып жүрдү. Эми болсо баатыр болуп, акыл айтат. "Балтыр бит башка чыгат" деп накта ушундайларды айтат эмеспи деген  каяшасын алдыңкы бетке жазды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз