Алимент төлөбөй издөөдө жүргөндөрдүн саны көбөйдү image

16 Дек, 2016 27244

Кыргызстанда алимент төлөбөй издөөдө жүргөндөрдүн саны миңден ашык. Бул боюнча Ички иштер министрлиги тараткан маалыматта айтылат. Алимент төлөбөгөндөрдүн көпчүлүк бөлүгүн чет жакта жүргөн мигранттар түзөт. 

Ал эми Ошто зордук-зомбулука кабылып, алимент ала албай кароосуз калган, кыз келиндер көбүнчө бей өкмөт уюмдар тарабынан, каржыланып, ачылган кризистик борборлорго кайрылышат.  

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна жылына жүздөгөн жаран кайрылып, алардын юристтеринен жана психологдорунан жардам алышат. Андай кайрылгандардын бири 26 жаштагы Зарина. Анын күйөөсү үйүнөн кууп чыкканына бир жылдай болуп калды. Атайын каттоодон өтүп турмушка чыкпагандыктан улам ал азыр кичинекей кызы менен, жолдошунан эч кандай жардам ала албай жүргөнүн айтат.

Ош шаардык жарандык актыларды каттоо бөлүмүнүн берген маалыматы боюнча 10 айдын ичинде жалпысынан 1850 жаран үй-бүлө курушкан. Анын 365 кайра ажырашып кетишкен.

Асанбек Пазыл, "Биринчи радио", Ош шаары


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз