Дүйнө жаңылыктары

БУУ: Сирия согушунда туткундар кыйноого алынууда image Фото: www.tspress.ge

9 Фев, 2016 792

Бириккен Улуттар Уюму Сирия согушундагы бардык тараптарды туткундарды кыйноого алды деп айыптады. Аны тастыктаган маалыматтар уюмдун көз карандысыз комиссиясы даярдаган докладда камтылган. Баяндама атайын абакта жаткандар жана туткундарга арналган. Кыйноолордун саны так белгиленген эмес, бирок 600дөй көрсөтмөнүн негизинде жыйынтык чыгарылган. 

Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз