Дүйнө жаңылыктары

Алеппо террорчулардан толугу менен бошотулду image

27 Дек, 2016 2085

Сириянын Алеппо шаары куралчан террорчулардан толугу менен бошотулганына бүгүн 3 күн болду. Бул акыркы беш жылдыктагы эң маанилүү окуя экенин адистер белгилешүүдө.

Орус президенти Владимир Путин жылды жыйынтыктаган маламыт жыйынында буга байланышкан суроого жооп берип жатып, азыркы дүйнө коомчулугундагы эң ири эл аралык гуманитардык акция деп баалады. 

Муну менен катар Путин Иран, Түркия жана Орусия биргелешкен форматта иш алып барганы маанилүү роль ойногонун белгиейт.

Сириядагы кырдаалдын жөнгө салынышы Кыргызстандын коопсуздугу үчүн да мааниге ээ дешет жергиликтүү серепчилер.

Бозулан Ысаков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз