Экономика

5-январда Токтогул ГЭСинин агрегаты сыналат image

5 Янв, 2017 2430

5-январда Токтогул ГЭСинин 2-агрегаты сыноо түрүндө ишке кирет. Бул тууралуу Улуттук энергохолдингдин  жетекчиси Айбек Калиев билдирди.

Айтымында, кабелдик линиялардагы оңдоо иштери аяктап калды. 

Эске салсак, аталган ГЭСте 16-декабрда авария болуп, кабелдер иштен чыккан болчу. Ал эми жаңы жылдык майрам күндөрү Кыргызстандын энергосистемасы штаттык режимде иштеп, электр жарыгын  өчүрүүлөр катталган жок. 

Майрам күндөрү кыргыз энергосистемасы туруктуу режимде иштеп,электр жарыгына атайын чектөөлөр киргизилген жок. 


Мээрим Абдраманова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз