Экология

Москванын суугу Кыргызстанга келүүсү мүмкүнбү? image

10 Янв, 2017 615

7-январь Православдар Иса пайгамбардын туулган күнүн белгилөө түндүндө Орусиянын бир катар аймактарында катуу суук катталды. Москвада кыш чилденин суугу минус 30 градустан ашып, автоунаалар от албай, тургундарга кыйынчылыктар туулду. 

Бирок жаңы жыл алдында жааган калың кар өлкөнүн тоолу аймактырынын тургундарын түйшүккө салды. Өткөн жылдын 27-30-декабрь күндөрү аймкакка түшкөн калың кардан улам Ак-Сай, Арпа өрөөндөрүнө жол каттамы жабылып калгандыгы тууралуу маалымдалган. ӨКМ  билдирүүсүндө учурда Ат-Башынын алыскы кыштоо сарайларында калган 54 үй-бүлө менен багуудагы 10 миңден ашуун топоз, 14 миң кой, 10 уй жана 11 миңден ашуун жылкыга тоют жеткирүү маселеси чечилди.  Кыштоолорго баруучу унаа жолдор кар күрткүлөрүнөн тазаланып, жол каттамдарын ачуу иш-чаралары жүргүзүлүүдө.  

Ал эми быйыл кыш жамгырлуу болууда дейт адистер. Бул жылы абанын температурасы өтө суук болуп же кескин жылып кетпестен туруктуу абал сакталат.

Сүймөнкул Идирисов, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз