Коргонуу жана коопсуздук

10 , Янв, 10:26 684

“Foreign Policy” согуш боло турган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады

image

АКШдагы “Foreign  Policy” журналы 2017-жылы террор токтобой, чыр-чатактар көбөйө  турган өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады. Анын сап башында дагы деле Сирия менен  Ирак турат. Бирок, алдан тайып жаткан ДАЕШтин согушчандары эми майдан  талаасында эмес, тынч жаткан калктуу жерлерде калаба уюштураарын айткандар  арбын. Жакынкы Чыгыштагы аскерий аракеттерди жүргүзүп жаткан өлкөлөр өз  аймагынын коопсуздугун бекемдеши керек экени айтылды. 

Соңку  жылдары терроризм жардырууну же ар кандай кан төгүүлөрдү ишке ашырып гана  чектелбестен, бүтүндөй чөлкөмдө айыгышкан согуштарды шарттап жатат. Маселен,  Жакынкы Чыгыштагы абал дале оор бойдон калууда. Террорчулар менен бийликке  каршы чыккан, өздөрүн оппозициячылар деп атаган куралдуу топторду ажырата билүү  кыйынга туруп жатат. Тамыры кенен жайылган ДАЕШтин таасири Сириядан кийин эле  Иракта бекем орногон. Бул өлкөнүн Мосул шаары дагы деле согушчандардан бошотула  элек. Калааны террорчулар 2014-жылы жайында басып алган. Өлкөнүн  премьер-министри Хайдер-аль-Абади кыска убакытта калаа өкмөттүк күчтөрдүн  колуна өтөөрүн жарыялаган эле. Бирок, 3 айдан бери  калаанын жарымы да алына элек. Мосулда төрт миңдей согушчандар бар экени  айтылган.

Өкмөттүк күчтөрдүн аракеттери натыйжа бербегендиктен Иракта быйыл да  террор коркунучу жогору бойдон калаарын белгилейт “Форин полиси” журналы.  Деген менен 2016-жылдын башынан бери ДАЕШ  алдан тайганы кабарланып келген. Алар мурдагыдай ири каражаттарга да ээ боло  албай калды. Мындан улам аракеттеринин багытын өзгөртүп, майдан талаасында  эмес, ар башка тынч жаткан өлкөлөрдө кан төгүүлөрдү уюштурууга өтөт дейт терроризм  маселелелери боюнча эксперт, профессор Тинатин Карусанидзе. Сирияда болсо,  президент Башар Асад жеңишке ээ болот. Бирок, ал көйгөйдү толук чече албайт. 

Америкалык  журналда быйылкы жылы боло турган террор коркунучтары тууралуу макалада, бул  көйгөйдөн жапа чеккен Сирия менен Ирактан кийинки эле сапта Түркия тураары  белгиленген. Соңку учуррларда аталган өлкөнүн ар аймактарында жардыруулар,  ондогон адамдардын өмүрүн алган кан төгүүлөр катталып жатат. Түркияда террор  тууралуу кабарды ар апта сайын угууга болот. Каргашалуу окуяларга расмий Анкара  ДАЕШти, күрт согушчандарын жана гүленчилерди айыптап келет. Ооганстан, Түштүк  Судан, Чад, Украина мамлекеттери да террор коркунучу боюнча алдыңкы ондуктун  катарын толуктады. Көпчүлүк террор дүйнөнүн башка булуң-бурчунда жасалып жатса,  ага көз жумуп коюу мүмкүн эмес экенин белгилешет.

Бул көрүнүштөр Борбор Азия  үчүн да коркунуч жаратып коюшу толук мүмкүн. Казакстандын Стратегиялык  изилдөөлөр институтунун директору Ерлан Карин 2017-жылы Борбор Азияда  терроризмдин “сары деңгээли” күтүлүп жатканын айтууда. Бул коопсуздукка өзгөчө  маани берүү керек деген коңгуроо. Карин абалды оорлото турган жагдайды Сирия  менен Иракта согушуп жүргөн борбор азиялыктардын кайтып келиши менен  байланыштырат. Аларга кандай жаза колдонуп, коопсуздукту кандай чаралар менен  бекемдөө зарыл деген олуттуу маселе бар. Кыргызстанда соңку кабыл алынган баш  мыйзамдагы эреже көйгөйдү чечет деген үмүт бар. Анда өлкөдөн сырткары  жерлердеги согуштарга катышып келгендер, жарандыктан ажыратылаары каралган.

Дүйнө жүзү  террорго каршы биргелешип аракет көрүп жатканы менен аларды жетишсиз деп  баалагандар да бар. Коопсуздук маселелери боюнча адис, мурдагы  вице-премьер-министр Токон Мамытов социалдык маселелер чечилмейин, бул көйгөйдү  ооздуктоо мүмкүн эмес экенин айтат. Ошентип,  терроризм коркунучу быйылкы жылы да олуттуу бойдон кала берээри айтылды.  Эксперттер ага каршы ар өлкө катаал мыйзамдарды кабыл алып, коопсуздукту  уюштуруу иштеринин натыйжасы менен да жеңүүгө болоорун белгилешет.  Кыргызстандан Жакынкы Чыгышка согуштук аракеттер менен аттангандардын саны бир  учурда 500дөн ашканы айтылган эле.

Калыгул Асамбаев, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз