Коом жана коопсуздук

Коом жана коопсуздук: Астанадагы Сирия боюнча сүйлөшүүлөр image Фото: ktrk.kg

24 Янв, 2017 5220

Коом канткенде коопсуз болот? Шек келтирген жагдайлар кайсылар? Сиз коопсуздугуңузга көңүл бурасызбы? Аң-сезимди адаштырган экстремизм, радикализм кайдан чыкты? Биз жашаган шаар, айылдагы, көчөдөгү, жолдогу ал тургай имараттагы коопсуздуктарды кантип сактайбыз? Эреже талаптарды аткарасызбы?

Дал ушундай коркунуч туудурган маселелер “Коом жана коопсуздук” уктуруусунда сөз болот. Сиз аны “Биринчи Радионун” ар шейшемби күнү чак түштө уга аласыз.

Кайдигерликтен алыс, өлкө коопсуздугуна жоопкерчилик менен карайлы. Андыктан талкууга сиз да катышыңыз.

Бүгүнкү уктурууда Сириядагы ок атышууну токтотуу режимин бекитүү жана саясий сүйлөшүүну алдыга жылдыруу боюнча Астанада өткөн жолугушуу тууралу сөз болот. Студиядагы мейманыбыз белгилүү серепчи, дин иштер боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы жетекчиси, саясат таануу илимдеринин кандидаты Орозбек Молдалиев.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз