Күндүн темасы

Астанадагы сүйлөшүү Сириядагы абалды жөнгө салууга эч кандай таасирин тийгизген жок image

30 Янв, 2017 1356

Өткөн жумадагы Казакстандын борборунда Астанада Сирия өкмөтү менен куралдуу оппозициясы жолукту. Жогоруда сөз болгон кезигишүү Россия, Иран жана Түркиянын ортомчулугу менен иш-жүзүнө ашты. 

Бул жолугушуунун башкы мүдөөсү эки каршылашкан тарап тең окту токтотуу режимин бекитүү жана саясий сүйлөшүү процессин алдыга жылдыруу болчу. 

Расмий Дамаск менен куралдуу оппозиция жолугушуунун аягында жыйынтыктаган билдирүү жасаган . Бириккен Улуттар Уюмунун ортомчулугу менен Женевада Сирия бийлиги менен оппозициянын 8 февралда сүйлөшүүсү колдоого алынган.

Иш –жүзүндө болсо өткөн жума күнү Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Женевада Сирия боюнча кырдаал туралуу жолугушуу февраль айынын аягына жылдырылганын айтты. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз