Күндүн темасы

Алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынышы керекпи? image

7 Фев, 2017 2163

Бүгүнкү "Күндүн темасы" уктуруусунла "Алкоголдук ичимдиктерге тыюу салынышы керекпи?" деген теманын айланасында талкуу жүрдү. 

Кечээ жакында эле, Ысык-Көл районунун  Өрнөк айылынын  активисттери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен дүкөндөрдө сатылып жаткан алкоголдук ичимдиктерди төгүп жок кылышса, Чоң-Сары-Ой айылында жергиликтүү дүкөндөрдүн сатуучулары  спирт ичимдиктерин сатуудан баш тартканы маалымдалды. Анын негизинде эки айылды кошкондо 53 миң сомдой спирт ичимдиктери жок кылынган. Мындай демилге элди тартипке салуу жана жагымсыз окуяларды алдын- алуу максатында уюштурулганы айтылууда.  Бул демилге жалпы коомчулуктун колдоосуна алынабы? Албетте алкоголдук ичимдиктердин адам баласына  келтирген зыяны айтпаса да түшүнүктүү.Алкоголизм тенденциясы өлкөдө кандай?  Адам баласына терс таасирин тийгизген азык болсо анда аны чыгарып сатуунун мааниси канчалык? Ошол эле учурда мамлекеттин казынасына тийгизген таасири кандай болот?  Кыргызстанда спирт ичимдиктеринен баш тартуунун альтернативдүү жолу барбы?


Бул суроолорго Алкоголдук продукцияны өндүрүүчүлөр бирикмесинин президенти  Турсунбек Куреңкеев, Жогорку Кеңештин депутаты Эльвира Сурабалдиева жана республикалык наркология борборунун нарколог-врачы Венера Асанбекова жооп беришти. Уктурууну Таалайгүл Сыдыкбекова алып барды. Аны төмөндө жайгашкан аудио аркылуу укса болот.


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз