Күндүн темасы

6-марттан тарта жалпы республикалык тестирлөөгө бүтүрүүчүлөрдү каттоо башталат image Фото: http://www.ktrk.kg

3 Март, 2017 981

Кыргызстанда 2017-жылдан 2019-жылга чейинки жалпы республикалык  тестирлөөнүн өткөрүү боюнча тендер аягына чыкты. Бул жылы тестирлөө вазийпасы  мурдагыдай эле билимди баалоо жана окутуу усулдары борборуна ыйгарылды. Тестирлөө кандай өзгчөлүктөр менен өтөт? 2017-жылдын абитуриенттерин кандай  жаңылыктар күтөт? Эмнелер киргизилди? Босого баллга өзгөртүү киргизилиши мүмкүнбү? Тестти өткөрүү менен эмне  өзгөрөт?  Ал канча турат? Ушул суроолор "Күндүн темасы" программасынын өзөгүн түздү.  

Уктурууга Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун  коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Чынара Батракеева, Билим берүү жана илим министринин орун басары Саладин Калдыбаев катышты.

Уктурууну Таалайгүл Сыдыкбекова алып барды. 


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз