Күндүн темасы

Күндүн темасы: "Акылдуу" эсептегичтер элди алдап жатабы? image Фото: www

20 Апр, 2017 17546

 “Автоматташтырылган маалыматтык эсептегич системасы же калк арасында айтылып калган "акылдуу" эсептегичтер туурасында  тактап айтканда   пайдаланган электр  энергиясы туура эмес эсептелип жатканына суроолор токтодубу?

Ушул тапта "акылдуу" эсептегичтер элди алдап жатабы деген суроо коомчулукта талкууланууда. Пайдаланган электр энергиясы туура эмес эсептелип жатканына нааразычылыктар айтылып жатат.  Буга чейин Биринчи Радиого да бир топ угармандар ушул маселе менен кайрылышкан. Мындай нааразычылыктар бар экенин “Түндүк электр" мекемесинен да тастыкташкан. Ала арада “акылдуу" эсептегичтердин тегерегинде дагы мүчүлүштүктөр кетип жатса аны жеринен текшерүүгө даяр экенин аталган мекеме өткөн аптада билдирген.

Бүгүн "Күндүн темасында" эмне үчүн светке көп акча чыгып жатат? Электрондук эсептөө же аралыкта эсептеген  акылдуу эсептегичтерден кандай катачылыктар кетти? Техникалык мүчүлүштүктөр кандай учурда болушу мүмкүн? Техникалык үзгүлтүктү айрым саясатчылар же кирешесине жараша нормадан көп пайдаланып жаткандар чайкоочулук кылган жокпу? деген теманын алкагында болот.

Түз эфирдин коноктору “Түндүк электр" мекемесинин энергия сатуу бөлүмүнүн башчысы Алмаз Мадалбеков, Энергетика жана экономика илим- изилдөө институтунун маалыматтык-аналитикалык иликтөө бөлүмүнүн башчысы Койбагаров Жыргалбек. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, Биринчи радио



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз