2017-жылдын 6-майында КР Президенти Алмазбек Атамбаев “Ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Мыйзамга кол койгон. Мыйзамдын негизинде эми өлкөдө мамлекеттик ипотекалык саясатты ишке ашыруунун ийкемдүү механизмдери пайда болот.
Бул тууралуу “Күндүн темасы” программасында Мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нуржигит Усенакун уулу айтып берди.