Күндүн темасы

Күндүн темасы: Билим берүүнүн эффективдүүлүгүн арттыруунун аракеттери image Фото: www

29 Сент, 2017 3486

Республикадагы жети жүздөн ашуун мектеп интернетке кошулуп бүтүп, учурда бул мекемелерде уюштуруу, окутуу иштери жүргүзүлүүдө.

Билим берүүнүн эффективдүүлүгүн арттыруу, окуучуларга маалыматтык, коммуникациялык, интерактивдик технологиялар менен билим берүү, тарбиялоо жана заманбап билим берүү чөйрөсүн түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин чечими менен республикадагы мектептерге интернет байланышын кошуу үчүн республикалык бюджеттен 300 млн. сом каралган. 

Анын ичинен 163 млн. сом мектептерди интернетке кошууга, калган 136 млн. сом телевизор менен камсыздоого бөлүнгөн. 

Аталган теманын алкагында уюшулган түз эфирге Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Мирлан Өмүралиев жана КР билим берүү жана илим министрлигинин мамлекеттик сатып алуулар секторунун башчысы Бакыт Кадыркулов болду.




Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз