Өзгөчө кырдаалдар дегенде албетте жаратылыш кырсыгына же кандайдыр бир белгилүү да белгисиз да себептер менен кооптуу жагдайга учураган кырдаалды элестетебиз. Ал өрт болушу мүмкүн, ал кар көчкү жер көчкү, суу ташкыны, жолдогу кырсыктар айтор адам баласынын өмүрүнө, жашоосуна жаралган кооптуу жагдайлар аталат. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой 2017-жыл калк үчүн күтүлбөгөн сыноолорду алып келген жыл менен эсте калды.
Жылдын жаңырышы менен эле Дача Сууга самолеттун кулашы, андагы оор кесепеттер, аймактардагы жер көчкүлөр айтор Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин куткаруучулары катышкан учурларды санай берсек болот. “Күндүн темасында” биз жылга берген жыйынтыгын т.а жогоруда биз белгилеген жагдайды өзгөчө кырдаалдар министрлиги канчалык деңгээлде аткара алышты? Кырсыкты алдын-алуу иштеринде эмнелерди жасоого жетишти? эмне мүчүлүштүктөр бар? Жаңы доорго кырк кадам программасындагы кандай тапшырмалар бар? Ушул багытта министр Кубатбек Боронов катышуусунда түз эфирде талкуу жүрдү. Аны ютубтан укса болот
Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"