Күндүн темасы

Күндүн темасы: Дарыялардагы суу ташкындарынын алдын алуу чаралары көрүлүүдө image Фото: www.ktrk.kg

2 Фев, 2018 1913

Бишкекте 31-январда Ала-Арча дарыясындагы суунун кескин көтөрүлүп шаардын борборуна чейин жеткен учур катталды. Ала Арча дарыясы агып өткөн Рыскулов көчөсүндөгү көпүрөдө муз тоңгон көрүнүш шаар тургундарын тынчсыздандырбай койгон жок. Алдыда февраль анан күндүн жылышы менен суу ташкындары дарыялардан аша турган учурлар болбой койбойт деп эч ким так кесе айта албайт. Андыктан мындай учурларда алдын алуу иштери кандай жүрүшү керек ушул багытта “Күндүн темасы” сөз кылат.

Уктурууга Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жарандык коргонуу жана өрт коопсуздугу башкармалыгынын бөлүм башчысы Рыспек Жолдошбаев, Бишкек жашыл чарба муниципалдык ишканасынын суу чарба бөлүмунун башчысы Радик Жумабек уулу катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. Түз эфирдин номери 0312 39 21 90, 0312 65 66 04.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз