Күндүн темасы

Күндүн темасы: Кыргызстанда балдардын кийимин чыгаруу кандай көзөмөлгө алынат? image Фото: www.ktrk.kg

28 Фев, 2018 1242

Казакстанда сатылган Кыргызстандын балдар кийимдеринен формальдегид табылды деген маалымат көптөгөн суроолорду жаратууда. Кичинекей балдардын кийимин чыгаруу кандай көзөмөлгө алынат? Казакстан Россияда  20 жылдан  ашуун убакыт сатылып келген Кыргызстандын кийимдеринен тактап айтканда балдар кийимнен уулуу заттын табылышы шек жаратпайбы, Кыргыз жеңил өнөр жайына тигүү тармагына жасалган карасантайлык кылган атайын иш эмеспи, сыртка чыгарылган кийим кечеге сертификат кандай берилет, сертификатсыз чыгарууга мүмкүнбү деген суроолор биздин программанын өзөгүн түзөт.

Уктурууга “Легпром” жеңил өнөр жай ассоциациясынын президенти Асанов Сапар, саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик көзөмөл департаментинин башчысы Исаков Төлө Байдалиевич катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"





Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз