Күндүн темасы

Күндүн темасы: Жол коопсуздугу системасындагы реформанын алгачкы оң жыйынтыктары image Фото: www.ktrk.kg

29 Март, 2018 1274

 Премьер-министр Сапар Исаков жол коопсуздугу системасын реформалоо алгачкы жемишин бере баштаганын жумушчу кеңешмеде айтты. "Акыркы эки айдын ичинде былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу адам өмүрүн алган жол кырсыктарынын саны 40 пайызга төмөндөгөн. 

Эреже бузууну аныктоо 45 пайызга жогорулаган, бул 74 миң учурга көп көрсөткүч. Өлкө бюджетине айып пулдан 18 миллион сомго көп акча түшкөн", — деди Исаков. Премьердин айтымында, бул ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгындагы коррупциянын жоюлуп жатышынан кабар берип турган көрсөткүч. Ал эми ЖКККББ жетекчиси Канат Жумагазиев 760 кызматкер атайын окуудан, калганы тестирлөөдөн өткөнүн билдирди.  Анын айтымында, 623 кызматкер жакшы жыйынтык көрсөтсө, 432си сынактан өтпөй калган.

Уктурууга Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын өкүлү Тилек Оторов, жол боюнча ИИМ ардагери Бакыт Койчуев, жол коопсуздугу боюнча бирикменин адиси Нуркамал Максутова катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. Түз эфирдин номери 0312 39 21 90, 0312 65 66 04. 

Илгиз Жамалбеков, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз