Күндүн темасы

Күндүн темасы: Маршурттук кичи автобустардын иш таштаганынын себеби эмнеде? image Фото: www

3 Апр, 2018 1061

Борбор шаарыбыз Бишкекте кечээ күнү кичи автобустар иш таштап, натыйжада борбордун тургундары менен  келген меймандар үчүн чоң ыңгайсыздык жаралды. Мындан улам бир топ суроолор жаралды. Маршруттук кичи автобустун айдоочуларынын нааразылыгын, башкача айтканда борбордогу кечээги транспорттук коллапс абалын эмне менен түшүндүрсө болот? Бишкек мэриясы өз ыйгарым укуктарынын чегиндеги милдеттерин толук кандуу аткара албай жаткандыгыбы? Же маршруттук каттамдарга ээлик кылган кожоюндардын мыйзамды сыйлабагандыгыбы? 

Студиянын меймандары: Бишкек шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Нурлан Атыканов,  Бишкек шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын  техникалык бөлүмдүн ага тескөөчүсү, милициянын полковниги Турусбек Абдыжапаров, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Рысбай Аматов катышты. Маекти төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар. 

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"



Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз