Күндүн темасы

Күндүн темасы: Айтматов ааламы image Фото: www

14 Май, 2018 1511

Быйыл Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнөлүк масштабда белгилене баштады. Мааракеге арналган иш чаралар ушул күндөрү  кошуна өлкөлөрдөн баштап, алыскы чет жерлерде да өтүүдө. Бул Кыргызстан үчүн албетте чоң сыймык. Анткени көзү өтсө да жазуучунун чыгармалары аркылуу Кыргызстандын желеги көтөрүлүп кыргыз мамлекетинин келечегине кайсы бир деңгээлде салым кошулуп жатат. Кыргыз мамлекети, кыргыз эли, кыргыз маданияты, кыргыз адабияты үчүн 2018-жыл өзгөчө мааниде экенин айта кетели. 

Студиянын меймандары:  -Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Кулукеева Айым Токтогуловна, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин башкы адиси Асанбаева Айнура Абдыкалиевна катышты.

Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайгүл Сыдыкбекова, "Биринчи радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз