Күндүн темасы

Күндүн темасы: "Ичүүчү суу көйгөйү качан чечилет?" image Фото: Элнура Нурдин кызы

24 Май, 2018 5905

2026-жылга чейин өлкөнүн баардык айылдары таза суу менен камсыз болот. Бул тууралуу Ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев Биринчи Радиодо  түз эфирде «Күндүн темасы» программасына  катышып жатып билдирди.


Анын айтымында, үстүбүздөгү жылы “Ала-Тоо булагы” программасы аркылуу 3 айылга таза суу жеткирилет. Ал эми 3 жылдан кийин Ош, Баткен жана Ысык-Көл областынын 117 айылы таза суу менен камсыз болот.“Аталган программа 2026-жылга чейин эсептелген ушул аралыкта өлкөдөгү 650 айылда таза суу көйгөйү чечилет. Аталган программанын наркы 94 млн. долларды түзүп, Ислам өнүктүрүү банкы менен Дүйнөлүк банктын каржылоосунда ишке ашат”,-дейт Токтошев.



Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз