Күндүн темасы

Күндүн темасы: Жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу үчүн ким жоопкер? image Фото: Элнура Нурдин кызы

8 Июнь, 2018 1434

Адам өмүрүн алган жол кырсыктары тез-тез кайталанууда, өткөн аптанын соңунда Каракол шаарында болгон жол кырсыгы 6 жашар баланын өмүрүн кыйса, Чолпон-Ата–Балыкчы жолунда бир адам каза болуп, эки адам оор жаракат алды. Жай келип, Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн да туристтер каттай баштады.

 

Туристтик сезон учурунда жол коопсуздугунун сакталышы кандай болот? Эл ташуучу транспорттор талапка жооп береби? Аларга кандай талаптар коюлат жана эл ташууга уруксаат кандай жол менен берилет? Жүргүнчүлөрдү ташуучу транспорт ээлеринин жоопкерчилигин кантип көтөрөбүз? Транспорттук каражаттарды Ыктыярдуу камсыздандыруу кырсыктардын алдын алуу механизми болуп бере алабы? Мына ушул суроолорго Биринчи Радионун “Күндүн темасы” программасында маек жүрдү.


Уктурууга КР транспорт жана жол министрлигинин автотранспорт агенттигинин транспорт ишмердүүлүгүн жөнгө салуу жана лицензиялоо бөлүмүнүн башчысы Нанаев Талант Болотович, КР ИИМнин ЖККББнын кызматкери, милициянын подполковниги Тилек Оторов жана Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ААКнун милдеттүү камсыздандыруу ишин өнүктүрүү башкармалыгынын жетекчиси Бурул Калматова катышты.


Кененирээк маалыматты төмөндөгү аудиодон уксаңыздар болот. Мындан тышкары ktrk.kg сайты аркылуу онлайн түрүндө уга аласыздар.

Таалайкүл Чабдарова, "Биринчи Радио"


Эгерде ката тапсаңыз, текстти белгилеп Ctrl+Enter басыңыз